Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 05.07.2019 18:43

Айыл турмушу: 42 жаштагы Г.Мурзаева студент кезинен бери айкидо менен машыгып келет

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 42 жаштагы тургуну Гүлзат Мурзаева студент кезинен бери айкидо менен машыгып келет. Ал аталган спорттун өзгөчөлүгү, ага кантип барып калгандыгы тууралуу айтып берди.

«Бишкек гуманитардык университетинде окуп жүргөндө бизге аябай келишимдүү мугалим келип, социалдык антропология сабагын окута баштады. Ошол кезде 9 жашар кызы бар экен. Азыр ал Айкидо федерациясынын президенти. Анын жүрүм-туруму, сабак өткөнү абдан жакты. Сабак учурунда бизге кокусунан айкидо менен машыгарын айтып калды. Биз дагы кызыктык. Аны ээрчип, машыгуу залына барып жүрүп, мен дагы айкидого аралашып калдым. Ошондо 2001-жылдар болчу.

Айкидо — япондордун күрөш искусствосу. Айкидонун агрессиясы жок, бирок өзүңдү коргой аласың. Ички дүйнөңдү дагы жакшы жагына өзгөртөт.

Айкидо федерациясына мүчө болуп киргениме 20 жылга жакындап калды. Бирок машыкканыма 10 жыл болду. Анткени аялзатынын дагы башка ролдору бар экен. Эң эле биринчиси — эне болуу. Ошол себептен ортодо көп жыл машыга албай жүрдүм. Мен 2 данга (чеберчилик) ээ болгом. Биринчи данды алганда кара курга ээ болосуң. Андан кийин спорттун чебери деп наамдар кете берет. Азыр спорттун чеберине талапкермин.

Бизде мелдештер болбойт. Анткени айкидону чыгарып, ушул деңгээлге жеткирген легендарлуу Морихэй Уесиба мелдеш өткөрбөгүлө деп насаат берген экен», - деди ал.

Гүлзат Мурзаева: «Келечекке максаттарыбыз көп. Ушул айкидо менен машыгып, өзүмдү өнүктүрөм. Жыл сайын 7 дандын ээси Мори Томохиро сенсей келип, эл аралык семинар өткөрүп кетет. Бул жылы Ысык-Көлүбүздө болуп өттү. Мындай семинарды 5 дандын ээси, Айкидо федерациясынын президенти Гүлмиза Сейиталиева да мыкты чеберчилиги менен өткөрүп келет», - деди.

Гүлзат Мурзаева 1977-жылы 7-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылында төрөлгөн.

«Кичинекей кезимден бери үй-бүлөбүз менен Чүй облусунун Сокулук районунда жашап келебиз. Атам мугалим, апам дарыгер. Иним бар. Өзүм бир уулдун энесимин», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×