Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 24.06.2019 22:25 На русском

Сокулукта депутатты сабап кетишти. Фото

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылдык кеңешинин депутаты Алмахмат Жороевди топ балдар сабап кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга депутаттын туугандары билдирди.

Алардын айтымында, окуя Төмөнкү Чүй айыл өкмөтүндө бүгүн, 24-июнда болжол менен саат 18:30-19:00 чамаларында болгон.

«30 жаштын тегерегиндеги 3-4 бала лом менен инибиз Алмахмат Жороевди сабап кетишти. Бели жана колу сынды. Азыр милицияга арыз жаздык. Эми инибизди райондук аймактык ооруканага алып барабыз. Сабаган балдарга мыйзам чегинде чара көрүлүшүн өтүнөбүз», - деди алар.

Сокулук райондук аймактык ооруканадан билдиришкендей, сабалган депутаттын абалы орто оор.

Ал учурда баш сөөктүн жабык түрүндөгү жаракаты, баш мээсинин чайкалышы, каракуштун тушуна алган жаракаты, оң капталындагы 5-6 кабыргаларынын сынышы деген диагноз менен дарыланып жатат. Азыр ага бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×