Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 24.06.2019 12:37 На русском

Сүрөт — Сокулуктун мал базарындагы 120 кг салмактагы кочкор жана 200 000 сомдон жогору бааланган тулпарлар

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы мал базардагы баалар менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Бала кезинен бери мал алып-сатуу менен алектенген панфиловдук 34 жаштагы Айдин Мамыралиев салмагы 120 кг болгон эдилбай кочкорун алып келген.

«Базарда баалар ар кандай болуп турат. Кээ бир базарда мал арзан болсо, кээ бирде кымбат болот. Мен бул жолу эдилбай кочкорун алып келдим. Салмагы 120 килограммга барат. Баасы 35 миң сом деп жатам. Мал сарайымда эдилбай койлорунан башка гиссар койлор да бар. Негизи бул базарда кочкор, койлордун эң кымбаты 50 миң сомго чейин барат», - деди ал.

Сатуучулардын айтымында, кара жумушка жарай турган аттардын орточо баасы 40-70 миң сом, жаш жылкылар 35 миң сомдон жогору болсо, бээлер 50 миң сомдон, асыл тукум жылкылардын баасы 200 000 сомдон жогору болот.

Аталган мал базар жекшемби сайын иштейт. Базардан ат жабдыктарын да көрсө болот. Ээрлердин баасы жасалышына жараша 1500 сомдон жогору турат.

Мал базардагы малдын учурдагы орточо баасы:

- Кой — 4-7 миң сом;
- Козу — 2-4 миң сом;
- Уй — 40-80 миң сом;
- Жылкы — 70-140 миң сом;
- Тай — 30-50 миң сом;
- Бука — 80-100 миң сомдон жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×