Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусуСокулук району 24.06.2019 10:35 На русском

Сокулуктагы мал базарда 2 киши урушуп, бирине бычак сайылды. Шектүү кармалды

Turmush -  Кечээ, 23-июнда Сокулук районундагы мал базарда 2 киши уруша кетип, бири экинчисин далыга бычак менен сайып жибергенин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына күбөлөр билдиришкен.

Бүгүн, 24-июнда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 33 жаштагы А.А. аттуу киши шектүү катары кармалганын жана убактылуу кармоочу жайга киргизилгендигин маалымдады.

Шектүү

WhatsApp Image 2019-06-24 at 09.29.03

Аталган түзүмдөн билдиришкендей, 2019-жылдын 23-июнь күнү болжол менен саат 14:20 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган киши түшкөндүгү кабарланган.

Аталган факт боюнча ыкчам иликтөө тобу чыгып, жаракат алган кишинин өздүгү аныкталган. Ал Беловодск айылынын 34 жаштагы тургуну Ж.У. болгон.

Окуя Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки өндүрүштүк иштер тергелүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×