Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 10.07.2018 12:43

Айыл турмушу: Ф.Суракматова 21 жылдан бери жыгачтан ар кандай буюмдарды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын 47 жаштагы тургуну Фарида Суракматова 21 жылдан бери жыгачтан ар кандай буюмдарды жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кол өнөрчүнүн айтымында, союз тарап, Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон жылдары жасаган эмгектери жакшы бааланбай калган.

«Мен 21 жылдан бери ушул кол өнөрчүлүк менен алектенип келе жатам. Чынын айтсам, кыйынчылык болуп, элдин көбү жумушсуз калган убакта бул ишти баштап калдым. Ал кезде эмгектерим жакшы бааланбаса да жумуш жок, бекер отурбай, алаксыганга жарачу. Кээде оокат-ашыбызга тыйын-тыпыр болуп калчу. Азыр кудайга шүгүр, кардарларыбыз үзүлбөйт. Элде болсо, бизде да болот», - деди ал.

Фарида Суракматова жыгачтан Манас атанын жана Каныкей апанын элесин жасаган.

«Мен бала кезимде эле ушул кол өнөрчүлүккө шыктуу экенмин. Окуучулук кезде сүрөттү жакшы тартчумун. Негизи талант 1 эле пайыз болот. Калган 99 пайыз бир гана эмгек менен келет. Мен 21 жыл талыкпай эмгектенип, ушундай чеберчиликке жеттим деп айта алам. Башында кол өнөрчүлөр фабрикасында иштеп жүрүп, кийин өз үйүмдө иштөөнү чечтим. Мен көбүнчө кооз фигураларды ак кайыңдан жана теректен жасайм. Жасаган эмгектеримдин чиймеси, боёгу жакшы болсо кымбат сатылат. Көбүнчө Аяз ата менен Аяз кыз, Манас ата менен Каныкей апанын элесин, калем сап койгуч, аттын фигурасын, кутуча боз үйлөрдү, шахмат жасайм», - деди кол өнөрчү айым.

Ал Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында 1971-жылы төрөлгөн.

«Эркин-Сай айылындагы мектепти бүтүп, Бишкектеги жеӊил өнөр жай техникумунан билим алып чыккам. Жолдошум экөөбүздүн 1 уул, 1 кыз, 4 неберебиз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×