Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 06.07.2018 17:44

Айыл турмушу: 4 жашынан тартып бийлеген М.Дунганова отуздан ашык улуттун бийин билет (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын 24 жаштагы тургуну Мээрим Дунганова 4 жашынан баштап эле бийге кызыгып келет. Ал учурда элүүдөн ашуун өспүрүмгө бийлегенди үйрөтүп, бир топ адамдарга кардио-машыгуудан сабак берип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 4 жашымдан баштап бийлеп келем. Бирок өмүрүмдү бийге 20 жашымдан баштап арнадым. Учурда бий ийриминде элүүгө жакын окуучум бар. Өзүм отуздан ашуун улуттун бийлерин билсем, онго чукул спорттук-кече бийлерди билем. Ошондой эле кардио-машыгууда чоӊ кишилерди да бийлетип жатам. Бул бий ден соолукка пайдалуу көнүгүү десем болот. Тактап айтканда, жүрөк-кан тамыр системасы машыгып, ошондой эле өпкөнүн көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Кардио-машыгуунун түрлөрүнө чуркоо, көп басуу, кыймылдуу спорттун түрлөрү, лыжа, коньки тебүү, хоккей, футбол ойноо, сууда сүзүү кирет. Жеӊил атлетика жүрөк жана кан тамырлардын жакшырышына багытталган. Булчуңдар күчкө толуп, дене чыйралып, ар бир органдын саламаттыгы жакшырып, ар бир клеткага кычкылтек толот. Чарчоону жана стрессти жоготот», - деди ал.

Мээрим Дунганова 1993-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

«Мен бир кыздын апасымын. Келечекте өзүмдүн жеке бий студиямды ачсам деген тилегим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×