Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 06.07.2018 13:30 На русском

«Сүйүү үчүн баш коштук»: Н.Апсаматованын кыжырына тийген жигит кийин өмүрлүк жарына айланган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун тургундары Насима Апсаматова менен Нурдин Токоев бир мектепте окушканы менен бир үй-бүлө курушарын билишкен эмес. Учурда алар бактылуу үй-бүлөнү куруп, 3 баланы тарбиялап жатышат. Жубайлар менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурдин Токоев 1986-жылы Сокулук районунун Орок айылында төрөлсө, Насима Апсаматова 1992-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

«Биз №21 орто мектепте окуганбыз. Мен анда 5-класста окусам, Нурдин 9-класста окучу. Эсимде, ал мага ар дайым кыжырыма тийип, тийише берчү. А, мен анын шылдыӊына чыдабай, уялып кача берчүмүн. Ошентип арадан убакыт өтүп жатты. Кээде кокусунан жолугуп калчубуз. Бирок анда экөөбүздө үйлөнмөк турсун, кыз-жигит болуп сүйлөшүү деген ой жок болчу. 2011-жылдын февраль айынан баштап экөөбүз интернет желесинде жаӊы пайда болгон социалдык түйүн аркылуу сүйлөшө баштадык. Акырындан кыз-жигит болуп жолугуп, бири-бирибизди жакындан биле баштадык. Кийин бири-бирибизди сүйүп калдык. Ошентип ошол эле жылдын декабрында үйлөнүү үлпөт той өткөргөнбүз.

Биздин үй-бүлө бактылуу, ынтымактуу үй-бүлө. Кезинде үйлөнөрүбүздү уккан туугандарыбыз каршы болгон эмес. Биз буга да ыраазы боло беребиз. Бизде сүйүү бар үчүн үйлөндүк. Ал болбосо кантип үйлөнмөк элек?», - деди ал.

Насима Апсаматованын апасы орус улутунан.

«Кыргыз улутунун каада-салты абдан жагат жана кайын журтумдун бардык салттарын сыйлап турам. Жолдошумдун туугандарынын баары орус тилин түшүнгөнү үчүн, ушул тилде эле сүйлөшөм. Өзүмдүн да атам кыргыз болгон. Бирок апам экөө ажырашып кетишкен. Ошол себептен мен кыргыз тилин бала кезден жакшы үйрөнө албай калсам керек.

Жолдошум учурда зер буюмдарды жасаган кол өнөрчү. Ошону менен бизди багып келет. Мен үй тиричилиги, балдар менен үйдөмүн. Келечекте балдарыбызга жаркын келечек түзүп берип, билим-илим алышына шарт түзсөк дейбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×