Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 06.07.2018 09:57 На русском

Жубайлар: Казак, орус жана корей улутунан келин алган В.Ким менен Г.Стутконун жашоосу (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун тургундары Всеволод Ким менен Галина Стутко мындан 35 жыл мурун Москва районунун Беловодск айылындагы айыл чарбада таанышып калышкан. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, корейлердин тамак-ашын даамдуу жасаган Галина Стутконун айтымында, балдары орус, корей жана казак улутундагы кыздарга үйлөнүшкөн.

«Биздин үй-бүлө көп улуттуу үй-бүлө. Жолдошум Всеволод Ким корей улутунан. Ал Казакстандын мурунку Гурьев районунда төрөлгөн. А, мен Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында жарык дүйнөгө келгем. Биз Беловодск айылындагы айыл чарбага жумушка барып, ошол жерден таанышып калганбыз. Ошондо 1978-жыл болчу. Экөөбүз дос болуп жүрүп, 1979-жылы баш коштук. Ата-энелерибиз каршы болушкан жок. Андан кийин балдарыбыз төрөлдү. Азыр алар эр жетип чоӊоюп, үйлөнүп-жайланышкан. Улуу баламдын кайын журту корейлер болсо, экинчи уулумдун кайын журту орустар. Ал эми эӊ кичүү уулумдун кайын атасы корей, кайын энеси казактын кызы. Биз баарыбыз ынтымакта жашап келе жатабыз. Учурда 5 неберебиз бар. Баарынын фамилиясы Ким. Мен корей улутунун каада-салттарын сыйлайм жана урматтайм. Бирок корей тилинде сүйлөй албайм. Кээ бир сөздөрдү эле билем. Ал эми кыргыз тилин жакшы сүйлөйм. Турмушка чыккандан кийин корей тамактарын жана салаттарын жасаганды үйрөндүм. Азыр болсо келиндерим жасайт. Корейлердин каада-салтына ылайык улуу балабыз биз менен чогуу жашайт. Ал эми калган экөө өзүнчө турушат, бирок жакын жерде жашашат», - деди ал.

Галина Стутко 35 жыл эл агартуу тармагында эмгектенип, пенсияга чыккан.

«Мен бала кезден кыргыз тилинде сүйлөй алчумун. А, бирок 10-класска чейин орус класста окудум. Кийин орус класста окуучу аз болуп, бизди кыргыз класска которушту. Ошентип мектепти бүтүп, Маяковский атындагы кыз-келиндер окуу жайына тапшыргам. Аны бүткөн соӊ Киров районундагы Ч.Түлебердиев атындагы орто мектебинде 2 жыл эмгектенип, кийин өзүм окуп кеткен мектепке келип жумушка орношуп, пенсияга чыккыча иштедим», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×