Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 04.07.2018 09:31

Фото — Сокулукта мектепти жарым кылым мурун бүткөн классташтар жолугушту

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясын мындан жарым кылым мурун аяктап кеткен классташтар жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга классташтардын бири Галина Стутко билдирди.

Анын айтымында, алар аталган мектептин эӊ биринчи бүтүрүүчүлөрү болгон.

«Биз мектепти 1968-жылы аяктаганбыз. Ал убакта Жал орто мектеби деп аталчу. Ошол учурда канча окуучу болуп аяктаганыбыз эсимде жок. Бирок 7 классташ жыл сайын жолугушуп турабыз. Ал эми мектепте биринчи жолу жолугуп жатабыз. Бизди окуткан агай-эжейлерибиздин саны суюлуптур. Антсе да калгандарын чакырып, белектерибизди тапшырдык. Ал эми мектепке болсо Ала-Арча капчыгайы тартылган сүрөт бердик. Анткени, бала кезибизде ушул Ала-Арчага мугалимдерибиз менен бирге эс алууга чыкчубуз. Азыр да бул салтты калтырбай классташтар жылда бир жолу чогулуп, Ала-Арчага барып эс алып турабыз.

Ушул жолугушууга келген 7 классташ теӊ жогорку билимдүү. Үчөө эл агартуу тармагында, экөө соода-сатык тармагында эмгектенип келишкен. Азыр баарыбыз теӊ пенсионербиз. Жолугушууга күйөөлөрүбүз, балдарыбыз келген жок. Бирок унаа менен жеткирип коюшту», -
деди ал.

Галина Стутко кыргыз тилин бала кезинен эле үйрөнүп алганын кошумчалады.

«Мен бала кезден кыргыз тилин жакшы билем. 10-класска чейин орус тилинде окугам. Кийин орус классты окуучу аз болгондуктан жаап, мени кыргыз класска которушкан. Ошентип кыргыз тилин дагы да тереӊдетип окууга шарт түзүлгөн. Мектепти аяктаган соӊ, Маяковский атындагы кыз-келиндер окуу жайына тапшыргам. Алгач эмгек жолумду Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебине мугалим болуп кирип, 1975-жылы өзүмдүн мектебиме чакырылып, ушул жерде 35 жыл эмгектендим жана ошону менен пенсияга чыктым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×