Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 04.07.2018 10:32 На русском

«Кызым таяк менен зордукталгандыгын айтууда»: Жыныс органдары айрылып кеткен кыз ооруканадан чыкты

Turmush -  Аламүдүн районунда сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге кабылган деген 7 жаштагы кыз ооруканадан чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабырлануучунун апасы билдирди.

Ал кызынын көрсөтмөсүнө таянып, Асел (аты өзгөртүлдү) колдун же таяктын жардамы менен зордукталгандыгын айтууда.

«Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Кызыбыз ооруканадан чыккандан кийин белгилүү болот дешкен. Биз убактылуу үйгө чыктык. Кызым кыймылдабай эле жатат. Дагы бир операциясы калды. Анын жыныс органдары айрылып кетиптир. Кылмышка шектүүнү Ивановкадагы жаӊы ачылган ооруканага жаткырышты», - деди апасы.

Ал эми өздүк булактар: «Кызга кордук көрсөткөн бала 13 жаштагы өспүрүм экен. Ал бала акыл-эсинен жабыркайт деп жатышат. Кыздын жыныс органдары айрылып кеткен экен. Аселдин (аты өзгөртүлдү) айтымына караганда, ал таяк менен зордукталыптыр. Азыр кызга узак убакытка чейин реабилитациялык дарылоо керек», - деп билдиришти.

Алардын айтымында, жабырлануучунун апасы үй-бүлөдө жалгыз иштегендиктен кызынын дарылануусуна каражат жактан жардам керек болууда.

Жардам берүүнү каалагандар ЭлСом 0552014636 номуруна акча бирдиктерин которуша алышат.

Окуя тууралуу:

Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүндө 7 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча маалыматты милиция кызматкерлери текшерүүдө. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Милициянын маалыматына караганда, 20-июнда саат 20:55 чамасында Аламүдүн ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ооруканага Кызыл-Бирлик айылынын 2011-жылы туулган тургуну Д.С. түшкөндүгү маалымдалган.

Окуя болгон жерге оперативдүү топ барып, ошол эле күнү саат 17:00дө айылдашы — 2004-жылы туулган А.Д. жабырлануучуга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын аныкташкан.

Аталган факт РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери уланууда.

Turmush басылмасына жабыркаган кыздын атасы Бекболсун [аты өзгөртүлдү] билдиргендей, окуя саат 17:30 - 18:00 чамасында болгон.

«Балдар адаттагыдай эле көчөдө ойноп жатышкан. Бир маалда ызы-чуу болуп, кызымдын оозуна бирөө арак куюуга аракет кылып жатканын айтып калышты. Мен чуркап баргыча, ал бала качып кетиптир. Эгерде кичинекей балдар көрбөгөндө эмне болмок билбейм. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал кызыма карата колу же таяк менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы билине элек.

Ал өспүрүм оорулуу болгондуктан Аламүдүн районунда каттоодо турат экен. Мындай учурда ата-энеси баласын көзөмөлдөп турушу керек эле. Алар баласы тил албаганын айтышууда. Милицияга арыз менен кайрылдым. Баланын ата-энеси кечирим сурап, балабызды ооруканага жаткырабыз деп айтышууда», - деп билдирди атасы.

Өздүк булактар Turmush басылмасына билдиришкендей, жабыр тарткан кыз ооруканага оор абалда түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×