Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Акыркы суткада өлкө аймагында 19 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 20 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 3-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Сокулук районунун Манас айылында Литников атындагы суу сактагычтын аймагында 20 чарчы метр куураган чөп күйүп, өрт жанындагы турак үйлөргө жайылган. Анын кесепетинен курулуш чарбаларынын 140 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Оштогу Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагындагы Калинин айылында турак үйдүн 130 чарчы метр чатыры өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×