Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 02.07.2018 09:15 На русском

Сокулукта 3 буттуу жөжө жаралды (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 53 жаштагы тургуну Гүлмира Канетованын короосундагы тооктордон 3 буттуу жөжө жаралды. Ал аймактык кабарчыга тоокторду химикатсыз багарын айтты.

«Жемди жакшы жеп жаткан. Бирок баса албай жөрмөлөп жүргөн эле. Башка жөжөлөрдөй эле багып, жумуртка бышырып берип жаткам. Бүгүн өлүп калыптыр. Жумурткадан чыкканына бир жума боло элек болчу. Бул жөжө өзүбүздүн үйдөгү тооктордун жумурткасынан чыкты. Көрүп алып аябай таӊ калдык. Дүкөндөн жумурткаларды албайбыз.

Негизи таза эт, таза жумурткаларды неберелериме бышырып берем. Короого жер-жемиштерди айдаганда эч бир химиялык жер семирткичтерди сеппейм. Экологиялык таза азык менен азыктанабыз. Короодо тоок, өрдөк багабыз. Буга чейин бөдөнө багып да көрдүк.

Бир да химикат кошулбаган жем менен чоӊойгон тооктордон ушундай жөжө чыгып калды. Демек, талаага айдалган буудайлар жакшы чыгыш үчүн химикаттарды колдонобу деп ойлоп жатам», - деди ал.

Гүлмира Канетова Ысык-Көл облусунан Сокулукка көчүп келгенине 3 жылдын жүзү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×