Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 29.06.2018 11:07

Акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 21 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 29-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Чүйдөгү Сокулук районунун Шалта айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 100 чарчы метр шыбы, терезе-эшиктер жана үй буюмдары күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себептерден улам Кадамжай районунун Калача айылында турак үй өрттөнгөн. Өрт учурунда үйдүн 16 чарчы метр бөлмөсү, буюмдар толугу менен күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×