Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 28.06.2018 09:56 На русском

Тазалоочу жайдагы «Лексусту» уурдаган шектүү чет өлкөгө чыгарууга даярдап жаткан (фото)

Turmush -  Сокулук РИИБдин кызматкерлери ээси тазалатуу үчүн алып барган кымбат унааны уурдаган уурулардын планын токтотуп калышты. Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлерин унаалар тазалана турган жайдан (автохимчистка) унаа уурдалгандыгын айтып чакырышкан.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аныктагандай, 2018-жылы 20-июнга караган түнү тазалык кызматын көрсөтүүчү жайга ак түстөгү «Лексус 570» (LEXUS 570) унаасын ээси калтырып кеткен. Ал жерге барган белгисиз адамдар унаанын ачкычын таап, аны айдап кетишкен.

Бул факты Свердлов РИИБге каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 172-берененин (автоунааны же транспорт каражаттарын ээлеп алуу) негизинде кылмыш иш да козголду. Бул кылмыш иштин алкагындагы ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү — мурда сот жоопкерчилигине тартылган П.А. (1992-жылы туулган) кармалган. Ал эми унаа Көк-Жар конушундагы үйдүн короосунан табылып, уурулар анын номурларын өчүрүүгө жетишкени белгилүү болду. Тергөөчүлөрдүн пикири боюнча, бул унааны чек арадан өткөрүүгө даярдап жатышкан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×