Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Айыл турмушу: Сокулуктук ырчы Бек Самудинов уй саап, аялзатына тиешелүү жумуштарды аткарат (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылынын 23 жаштагы тургуну Бек Самудинов уй саап, апасына жардам кылат. Ошондой эле чыгармачылык менен алектенип, музыкалык билимин жогорулатууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Уй сааганды мектеп курагымда, тактап айтканда 8-классымда үйрөнгөм. Ошондон бери апама жардам берип, короодогу уйларды саап берем. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дейт. Бул аял кишиники деп жумушту тандабай, баарын эле жасай берем. Ошондой эле жөнөкөйлүүлүктү биринчи орунга коем», - деди ал.

Бек Самудинов мектепке бара элек кезинде эле ырдачу.

«Мен окуй элек кезде эле ырдачу экенмин. Окуучулук кезде көп сынактарга катышып, ырдап жүрдүм. Сары-Өзөн чолпондору сынагында жеңүүчү аталгам. Ошентип жүрүп, 2013-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство жана маданият университетинде 5-курста окуйм. Көбүнчө эстрадалык ырларды ырдайбыз.

Келечекке максаттарым көп. Кийинки жылы окуумду ийгиликтүү бүтсөм, кыргыз элимдин керегине жараган ырчылардын бири болгум келет.

Өткөн ишке өкүнбөйм жана өткөн ишти эстегим да келбейт. Жашоо бир келет, ошондуктан ар бир убактымды жакшы өткөргөнгө аракет кылам жана ар бир күнүмдү акыркы күнүмдөй өткөрөм. Чыгармачылыкта эч кимди кумир тутпайм, бирок бардык чыгармачыл адамдарды сыйлайм», - деди ал.

Бек Самудинов Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында 1995-жылы 20-июлда төрөлгөн.

«Мен үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун. Үйдө ата-энем, 2 иним жана карындашым бар. Келечекте келинчегим жөнөкөй, ыймандуу кыз болот деп ойлойм. Чыгармачылык чөйрөдөн болсо да сүйлөшө берем. Эӊ башкысы мени түшүнсө болду», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×