Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Чүй облусуСокулук району 27.06.2018 10:27 Жаңыланды: 27.06.2018 12:02 На русском

Прапорщиктин погонун жулуп, жеңин айрыган жергиликтүү депутатка сот кандай жаза берди?

Turmush -  Чүй облустук соту милиция кызматкеринин кийимин тыткан бейбаштыгы үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты Михаилге (ысымы өзгөртүлдү) карата өкүм чыгарды. Жазанын түрү тууралуу соттун токтомунда маалымдалган.

Буга чейин Сокулук райондук соту Новопавловка айылдык кеңешинин 1989-жылы туулган депутатын шарттуу түрдө 5 жылга эркиндигинен ажыратып, 2 жыл сыноо мөөнөтүн белгилеген болчу.

Депутатка тагылган айып

2017-жылдын 23-октябрында саат 01:00 чамасында мас абалдагы айыпталуучу милициянын прапорщиги Бектурга (ысымы өзгөртүлдү) кол көтөргөн. Анын кесепетинен бийлик өкүлүнүн кызматтык формасынын оң жеңи айрылып, оң тараптагы погонун жулуп алган. Андан жабырлануучу 2100 сомдук материалдык зыян тарткан.

Айыпталуучунун көрсөтмөсү

2017-жылы 22-октябрда досу менен кафеге барып, сыра ичишкен. Ал (Михаил) 8 кружка сыра ичип, таанышы Кайраттан (ысымы өзгөртүлдү) унаасын айдап үйүнө жеткирип коюуну суранган. Саат 01:00 чамасында алар Новопавловка айылына жеткенде артынан патрулчулардын унаасын келе жатканын көрүшкөн. Унааны токтоткондо Кайрат менен кошо ээси дагы түшкөн. Бирок милиция кызматкери аны унаага кайра отурууну талап кылганда анын талабын аткарган. Ошол учурда аны камерага тартып жатышканын билип, ага каршылык көрсөткөн. Ошол учурда погон айрылып, курткасынын сыдырмасы мойнуна жаракат келтириши мүмкүн. Андан кийин ал милиция кызматкерлери менен талашып-тартышып жаткан учурда милиционердин формасынын жеңи айрылышы мүмкүн.

Айыпталуучу окуя учурунда мас абалда болгонун жана жабырлануучуга карата орой сөздөрдү айтканын танбайт. Алардын урушу 40 мүнөткө жакын убакытка созулуп, андан кийин аны милиция кызматкерлеринин унаасы менен Сокулук РИИБге жеткиришкен.

Айыпталуучу сот залынан кылган күнөөсүнө өкүнүп жатканын айтып, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранды.

Жабырлануучунун көрсөтмөсү

22-октябрда шериги менен кызматын өтөп жүргөн. Военно-Антоновка айылынан кезектеги текшерүү учурунда «Хонда» унаасын токтотуп, айдоочудан документтерди талап кылганда унаадан мас абалдагы жигит (айыпталуучу) кошо түшкөн. Ал аны камерага тартып жатышканына нааразы болуп, өзүн ошол аймакта айылдык кеңештин депутаты экенин белгилеп, цензурадан тыш сөздөрдү айтып баштаган.
Андан ары ачууланып, видеого тартып жаткан видеорегистраторду жулуп алып, погонун кошо айрыган. Андан кийин мойнуна асылып, кийиминен тарткылап жатып жеңин айрыган. Ошол учурда көчөдөгү 7-8 жигит аларды арачалап, Михаилди тынчтанууга чакырышкан.

Жабырлануучу айыпталуучуга карата тосмо арызды өз каалоосу менен жазганын белгиледи. Анын айтымында, айыпталуучу анын чыгымын төлөп, кызматтык формасын, погонун жаңылап берген. Ал эми видеорегистартор жабыркаган эмес. Ошондой эле айыпталуучунун үй-бүлөлүү, жашы жете элек 2 баласы бар экенин жана буга чейин сот жообуна тартылбаганын эске алуу менен, соттон аны арызынын негизинде бошотууну суранды.

Жыйынтыгында облустук соттун судьясы Сокулук райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, Михаилди 5 жылга эркинен ажыратуу менен 20 миң сом айып салды.

Сот айыпталуучунун баш коргоо чарасын жокко чыгаруу менен сот залынан бошотту.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Эскертүү: Видеодо цензурадан тыш сөздөр айтылган

Буга чейин Turmush басылмасы Сокулук районунун Новопавловка айылында жергиликтүү кеңештин мас абалдагы депутаты патрулчуга кол салып, кызматтык кийимин тыткандыгын кабарлаган. Бул маалыматты Чүй ОИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктаган болчу.

Аталган түзүмдүн берген маалыматына караганда, 22-октябрдан 23-октябрга караган түнү патрулдук милиция кызматкерлери Новопавловка айылында Бишкек – Чалдыбар унаа жолунда кызмат ѳтѳп жатышкан. Инспекторлор И.Бейшеев жана М.Бектуров саат 2:30дар чамасында жол эрежесин бузган «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда унаанын жүргүнчү отуруучу тарабынан эркек киши чыгып, окуяны тасмага түшүрүп жаткан патрулчунун төшүндөгү аппаратты көрүп, тасманы өчүрүп салууну талап кылган. Бул талаптан баш тарткан патрулдук милиция кызматкерлерине депутат кыр көрсөтүп, бирөөсүнүн кызматтык кийимин тытып, экинчи патрулчунун денесине зыян келтирген. Бул учурда депутаттын бир нече достору жана апасы келип, аталган абалдан куткарып кетүүгө аракет жасашкан. Бирок Патрулдук милиция башкармалыгынан кошумча кызматкерлер чакырылып, кыр көрсөткөн депутат жана анын апасы Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Кийинчерээк кармалган 28 жаштагы Г.М. Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты экендиги маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×