Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Айыл турмушу: Мал доктур А.Көчөрбаев гипокальциемияга чалдыккан уйду аман алып калган (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 26 жаштагы тургуну Азамат Көчөрбаев мал доктурлук кесибин аркалап, жылына жүздөн ашуун мал-жандыктарды дарылап келет. Ал мал өз алдынча тууй албай жатканда жана ооруга чалдыкканда, кастрация жасоодо, бука жана уйлардын мүйүзүн кесип салууда жана малды жасалма жол менен уруктандырууда кызмат көрсөтөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Сокулук айылындагы №4 орто мектебин аяктагандан кийин эки окуу жайды окуп бүттүм. Алгач Кара-Балта шаарындагы №102 лицейинен мал доктурлук кесибин алып чыксам, андан соӊ К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинен билим алып чыктым. Мал доктур болууну бала кезде кыялданган эмесмин. Турмуш өзү ушул кесипти тандоого түрткү болду. Бир жылда жүздөн ашык малды дарылайбыз. Жылкыны дарылоодо бир аз кыйынчылыктарды алып келет. Анткени ал азоо келет эмеспи.

Бизди мал тууй албай жатканда, эркектерин бычууга (кастрация), уйдун же буканын мүйүзү аябай чоӊ жана учтуу болуп, адам өмүрүнө коркунуч туудура баштаганда мүйүздү кесүүгө, малды жасалма жол менен уруктандырууга чакырышат. Албетте, жыл сайын эмдөөлөрдү да жасайбыз.

Мүйүздү атайын трос менен кесебиз. Бул уйга зыян алып келбейт. Бир аз гана стресс болот. Кээ бир сүзөнөөк бука жана уйлардын мүйүзүн алып салбаса, адам өмүрүнө коркунуч алып келет. Ал эми уруктандыруу боюнча Сокулуктун аймагына 700 сомдон барабыз. Эгер бооз болбой калса, кайра экинчи жолкусун 600 сомго жасап беребиз. Мал-жандыктын бооз болгону 2 айдан кийин билинет», - деди сокулуктук мал доктур.

Ал буттары шал болуп өлөйүн деп калган уйду аман алып калганын айтып өттү.

«2017-жылы Студенттер айылындагы Шумкар аттуу байкенин ую жаӊы тууп, бирок кыйналганынан өлгөнү калыптыр. Тактап айтканда, ага кальций жетишпей, гипокальциемия оорусуна чалдыккан экен. Ошол оору өрчүшүп кеткенде малдын 2-3 саатта эле кан басымы төмөндөп, алы кетип, буттары шал болуп жатып калат. Мына өлөт болуп турганда биз барып, дароо өз ыкмаларыбыз менен дарылап аман алып калганбыз. Эгерде ушундай учурда мал доктурларды чакырбаса мал өлүп калат. Мындай учурлар көп кездешет. Чакыргандарга жетишип барып, жардам кылганга аракет кылабыз», - деди ал.

Азамат Көчөрбаев Сокулук районунун Сокулук айылында 1992-жылы төрөлгөн.

«Атам дыйканчылык менен алектенсе, апам үй кожойкеси. Өзүм 3 бир туугандын улуусумун. Менден кийин карындашым жана иним бар. Келечектеги максатым — Кыргызстандын мал чарбасын өнүктүрүү», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1317
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×