Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Жаш талант: 4300 окуучу окуган мектепти аяктаган Алия республикалык сынактан 207 упай алды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну Нурхан кызы Алия жалпы республикалык тестирлөөдөн район боюнча эӊ мыкты упай алды. Ал Кыргызстандагы эӊ көп окуучу окуган мектептердин биринде 11-классты аяктоодо. Аны менен аямактык кабарчы таанышты.

«Мен үй-бүлөдө эӊ улуусумун жана сулуусумун (күлүп). Менден кийин Айкөл жана Рамазан аттуу инилерим бар. Мен Ч.Айтматов атындагы билим берүү комплекс лицейин бүтүрүп жатам. Буга чейин Ала-Тоодогу №82 орто мектепте окуп келгем. Биздин мектепте жалпы 4300 окуучу окуйт. Менин угушума караганда, биздин мектеп Кыргызстан боюнча эӊ көп окуучу окуган мектептердин катарына кирет. Мага мектепте адабият жана тарых сабактары жагат. Музыка уккандан абдан чоӊ рахат алам. ЖРТга катышып, 207 упай алдым.

Келечекте өлкөбүздөгү эӊ мыкты университеттердин биринде билим алып, психолог кесибин алып чыксам дейм. Бул кесип абдан оор жана кызыктуу деп ойлойм. Аталган кесипти тандап алышымдын себеби да ушунда. Андан ары кесибим менен эмгектенип, үй-бүлө куруп, татыктуу жар, эне болгум келет», - деди ал.

Нурхан кызы Алия Бишкек шаарында 2001-жылы 9-январда төрөлгөн.

«Атам Нурхан Мурсакулов чоӊ компаниялардын биринде иштесе, апам Чынаркүл Өмүрова ишкерлик менен алектенет. Алар Нарын облусунан болушат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 891
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×