Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 25.06.2018 17:41

Айыл турмушу: Уз-чеберлерге жумуш ордун түзгөн 22 жаштагы Исламбек буга чейинки убактысын пайдасыз өткөргөнгө өкүнөт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылынын 22 жаштагы тургуну Исламбек Жамаатов уз-чебер кыздардын башын бириктирип, алар менен чогуу ар түрдүү төшөктөрдү тигип сатып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жасаган төшөктөрүнүн баасы 5 миӊ сомдон жогору бааланат.

«Апам уз-чебер. Ошондон болсо керек, баарыбыз теӊ кол өнөрчүлүккө жөндөмдүүбүз. Ал эми атам уста. Мен бул кол өнөрчүлүктөн сырткары сыналгы, компьютер жана башка үй тиричилик техникаларын оӊдой берем. Учурда айылдагы уз-чебер кыздардын башын бириктирип, төшөк тигип жатабыз. Бир төшөктү бир күндө тигип бүтөбүз. Ушундай жакшы төшөктөрдү тигип, элге тартууласак деп бир топ жыл мурун ойлонуп жүрчүмүн. Кудайга шүгүр, ойлогон ой-максатыбыз ишке ашып келе жатат. Максаттарым көп. Кыргызымдын оймолорун дүйнөгө тааныткым келет. Ошондой эле чоӊ цех ачып, дагы уз-чебер кыздарга жумуш орундарын түзүп берсем деген кыялдарым бар», - деди ал.

Исламбек Жамаатов Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында 1996-жылы төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн: 3 кыз, 2 уул. Менден улуу эки эжем бар. Бул жашоодо жаратканын жана ата-энемдин жардамы менен ушул жумуштун ийгиликтүү жүрүшүнө сүйүнөм. Өкүнгөнүм — буга чейинки көп убактымды пайдасыз өткөргөнүм. Китеп окуганды жакшы көрөм. Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларын окудум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×