Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 20.06.2018 11:58 На русском

Чүйдө баңгизат менен кармалган шектүү милиционер уктап калганда качып кеткен

Turmush -  Чүй облусунда баңгизат менен кармалып, милиция кызматкери уктап калганда качып кеткен шектүү адам колго түшүрүлө элек.

Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар аркылуу маалым болгондой, 1-июнда Баңгизатты мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө баңгизат сактоого шектелген адамды кармашкан. РИИБдин кызматкерлери шектүү Ш.Ш. менен бирге ал баңгизат сатып алып жүргөн адамдын үйүн тинтүү үчүн Чалдыбар айылына барышкан. Бир нече кызматкер үйдү тинтүү үчүн кеткенде шектүү менен унаада бир гана милиционер калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган кызматкер уктап калган. Шектүү унаанын айнегин түшүрүп, колун сыртка чыгарып, эшикти сыртынан ачып, качып кеткен.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министрликтин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарындагы кызматтын кызыкчылыгын саткан, паракор, мыйзамды бузган, коомчулуктун алдында милициянын беделин түшүргөн кызматкерлерди тазалоого багытталган иштер жүрүп жатат.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы аталган факты боюнча кызматтык териштирүү жүргүздү. 2018-жылдын 31-майында ИИМдин жана Сокулук РИИБдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүчү кызматкерлери баңгизат сактап жана өткөрүп жүргөн шектүүнү колго түшүргөн. Шектүү Ш.Ш.дан салмагы 404 грамм баңгизат (гашиш) табылып алынган. Аталган факты боюнча материалдар Сокулук РИИБдин тергөөчүсүнө өткөрүлүп, КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 247-берененин (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ушул эле убакта шектүү Ш.Ш.нын көрсөтмөсү менен Панфилов районунда катылган баңгизатты издөө боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнү кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар жана көзөмөл болгон эмес. Кызматкерлердин шалаакылыгынын кесепетинен баңгизат кылмышына шектелген адам качып кеткен.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө кызматтык тартип одоно бузулганы, ошондой эле көзөмөлдүн жоктугу аныкталды. Мунун негизинде оор жана абдан оор кылмыштардын катарына кирген баңгизат өткөрүүгө шектелген Ш.Ш.нын качып кетүүсүнө жакшы шарт түзүлгөн.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында Сокулук РИИБдин жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бир нече кызматкери дисциплинардык тартипте жазаланды. Алар:

- Чүй облусунун Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Т.Абыковго, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси И.Бакировго кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү берилди;

- Сокулук РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы М.Иманалиевге, нөөмөт бөлүмүнүн күзөт тобунун кызматкери А.Масырбековго катуу сөгүш жарыяланды.

- ИИМдин Баңгызаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам издөө башкармалыгынын башчысы Р.Ушамиевге, Сокулук РИИБдин башчысынын орун басары О.Кеңешбек уулуна сөгүш жарыяланды.

Кызматтык иликтөө иштеринде чогултулган бардык материалдар Сокулук райондук прокуратурасына милиция кызматкерлеринин жоопкерчилиги боюнча юридикалык баа берүүгө өткөрүлүп берилди.

Ал эми Сокулук районун прокурору Марат Бусурманкулов бул факты боюнча ИИМден материалдар келгенин, ал мыйзам чегинде 10 күндүн ичинде каралып чыгарын билдирди. Анын жыйынтыгы менен аталган милиция кызматкерлерине юридикалык баа берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×