Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 19.06.2018 11:43

Жагымдуу эмоциялар, чексиз сезимдер: Футбол сүйүүчү Б.Жумалиев Россияга барып, өзүнүн командаларына күйөрмандык кылууда (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 55 жаштагы тургуну Бекмырза Жумалиев учурда Россиядагы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты көрүп, жактырган командаларына күйөрмандык кылууда. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Бекмырза Жумалиевдин айтымында, оюндарга кирүү үчүн билеттин баасы өтө кымбат.

«Мен 14-июнда Москва шаарында чемпионаттын ачылышын көрдүм. Эртеси Уругвай менен Египеттин оюнун көрүүгө жетиштим. Албетте, стадиондон болбосо да фан-зонадан көрүп жаттым. Бул оюнда болсо мен Египетке жан тарткам. Оюнга билеттер кымбат жана жокко эсе экен. Футбол күйөрмандары ушунчалык көп, дүйнөнүн төрт бурчунан келишкенин байкаса болот. Айрыкча Египет, Бразилия жана Кытайдан көп күйөрман келгенин баамдадым. Үйдө отуруп сыналгыдан футбол көргөн башка, чемпионат болуп жаткан жерде ушунча көп масса эл менен чогуу көргөн такыр башка сезимдерди калтырат экен. Элдин күүсү менен абдан чоӊ азартка кирет экенсиӊ. Күйөрмандардын кыйкырык сүрөөнү, ышкырыктарына көӊүл деле бурбайт экенсиӊ. Анткени оюнга кызыгып, аларды сезбей да каласыӊ. Күйөрмандардын көбү алдын ала болжолдуу утуштарды айтып жатышты. Кээ бирөөнүкү туура чыкса, айрымдардын айткандары туура чыкпай маанайлары түшүп калгандарын көрдүм», - деди ал.

Бекмырза Жумалиев Россия бул оюнду өткөрүү үчүн жакшы даярдыктарды көргөндүгүн кошумчалады.

«Россияга келип, футбол көргөнгө канча акча каражаты кетерин так айта албайм. Биз Питер менен Москвадагы досторумдукуна конокко келдик. Ошол себептен жатакана, тамак-аш менен досторум камсыздашты. Жолго болсо учак менен бир кишиге 16 миӊ сом кетти. Питерде жатакана, тамак-аш кымбат экен. Антсе да ар жерден келген коноктор аянбастан эс алышууда», - деди ал.

Сокулуктук футбол сүйүүчү оюндун акырында кимдер каларын болжолдоп айтты.

«Менин оюмча оюндун аягында Аргентина, Россия, Бразилия командалары калышы мүмкүн», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×