Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 19.06.2018 13:09 На русском

Фото — Салмагы 1 тоннадан ашкан Чүйдөгү букалар

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жал айылында жайгашкан Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин «Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык "Элита" асыл-тукум станциясы» мамлекеттик мекемесинде учурда 7 асыл тукум букалар багылууда.

Союз маалында аталган жайда асыл тукум малдын саны жүздөн ашып, алардан өндүрүлгөн уруктар Казакстандын түштүгүнө, Өзбекстандын Фергана өрөөнүнө, Тажикстандын түндүк тарабына жана Кыргызстандын бардык аймагындагы мал чарбаларына таратылчу.

«Биздин мекеме суюк азот жана урук чыгарат. Бул мекеме 1960-жылы түптөлгөн. Ал кезде жүздөн ашуун баш мал бар болчу экен. Алгач Алатау, Аулитин тукумундагы букаларды кармашкан. Кийин башка тукумдар алынып келинип, кыргыз селексионерлери алардан биздин шартка ылайыктуу кылып жаӊы тукумдарды чыгарышкан. Мисалы, Швиц Ала-Тоо тукуму тараган. Ала-Тоо тукумунун түпкү атасы Швиц. Бул учурда малга суроо-талап аябай жогору болуп, мекемеге көп көӊүл бурулчу.

1994-жылдары колхоздор жана савхоздор тараган учурда иш токтоп калган. Кийин 2010-жылы президенттин демилгеси менен кайрадан "Элита" асыл-тукум станциясы болуп иштеп баштаган. Учурда бизде 7 баш бука багылат. Алардан азот жана урук өндүрүп чыгарабыз. Багылган бодо малдарды өз убагы менен тоюндурушат, букаларга үч маал суу берилет. Жем, чөп, саман менен багылат. Булар асыл тукум болгондуктан, салмактары оор болот. Эң оор буканын салмагы 1 тоннадан ашат. Мисалы, сүрөттөгү кызыл бука Симментал тукумуна кирет. Эт жана сүт багытында багылат, анын салмагы 1100 кг. Андан кийин кара өӊдүү бука Абердин-ангус тукумуна кирип, салмагы 1000 кг, күрөӊ өңдүү бука Швиц тукумуна кирет. Бул тукумдагы уйлар жалаң сүт багытында багылат. Мунун салманы 1170 килограммды түзөт. Ал эми Абердин-ангус букасы эт багытындагы бодо мал.

Швиц тукумудагы уйлар болжол менен 1 күндө 10 литрден 25 лирге чейин сүт берет. Көп сүт алуу үчүн бир нече факторлор бар. Сатып ала калып эле, көп сүт алам деген болбойт. Ал бакканга жараша ошончо сүт берет. Негизги критерий тез убакытта чоӊ салмак кошуусу керек. Мисалы, жөнөкөй мал 2-3 жылда араӊ 400 кг болсо, эт багытындагы тактап айтканда тукуму жакшы букалар 14-18 айга чейин 400 кг салмакта болушат. Экономикалык чыгымдарын эсептесеӊ, 2-3 жыл кармап семирткен мал өзүн-өзү актабай калат.

Техрегламентте экспорт жөнүндө сөз болгондо дагы бир чоӊ маселе бар. Анткени техрегламент боюнча бардык эле мал экспортко чыгалбайт. Мисалы, 18 айдан ашкан букалар эт үчүн сыртка кетпейт. Ал тээ союздун учурунан бери келе жаткан көрүнүш. 18 айдан ашкан букалар жергиликтүү колбаса цехтерине калып калчу. Жакында биз да ошого келебиз. Себеби, 18 айдан ашса, ал жаш мал болбой калат. Ал эми сыртта арабдар, европалыктар же дагы башка мамлекеттер жумшак эт алышат. Карыган малдыкын эч ким алгысы келбейт. Андай малды экспортко жолотпойт», - деди мекеменин директору Турсунбек Бакиров.

Бул мекемеде азот жана уруктар атайын лабораторияда изилденип чыгарылат. Ал үчүн Германиядан компьютерлештирген жабдуулары алынып келинген.

«Мекемеде 17 жумушчу эмгектенет. Алардын Индонезияга барып, тажрыйба алып, окуп келүүсү үчүн мүнкүнчүлүктөрү бар. Учурда башка мамлекеттер да бул станцияга кызыгышууда, алар менен да келишим түзүп иштешүүгө аракет кылуудабыз. Өндүрүлгөн уруктарды осеменаторлорго жеӊилдетип 120 сомдон сатабыз. Кыргызстандын аймактарына урук жана азот жеткирилип турат. Биздин урук жеке менчик ишканалардан кыйла эле арзан. "ГАЗ Валдай" деген унаабыздын ичинде бир тонналык термис бар, ошол менен республикага ташыйбыз. Урукту алгандан кийин аны микроскоп менен текшерип, керектүү нерселерин кошуп, процедурасы бүткөндөн кийин гана таратабыз. Лабораториянын жабдыктары Германиядан 150 миң долларга алынып келинген. Ушул жабдык менен мекеме өз жанын багып келе жатат», - деди ал.

Мекеменин директору Турсунбек Бакировдун айтымында, ишкананын учурдагы карызы 10 млн сомго жетип, 10 жылдан бери карызын төлөй албай келет.

«Өкмөттөн бизге коюлган тапшырма – урук өндүрүү. Урукту өндүрүп, фермерлерге, элге таратуу. Бирок, жылдан-жылга карыздарыбыз өсө берип, кыйын абалга келип калдык. Социалдык фондго, электр энергиясын берген ишканага жана башка мекемелерге карызбыз. Убагында көӊүл бурулбай калган экен. Тактап айтканда, 10 жыл мурунку карыздар төлөнбөй, ушул күнгө чейин келди. Ал болсо өсүп жатат. Эмнеден улам экени белгисиз, бирок мекеме мамлекеттик жардамдан кол үзүп калган. Биздин көптөгөн пландарыбыз бар. Ар бир келген өкмөт башчыга кирдик, бирок бизге көӊүл бурганга жетишпей калышууда», - деди ал.

Мекеменин башкы эсепчиси Тумар Султаналиева жумушчулар 3 жылдан бери толук айлык алыша электигин билдирди.

«Биз жумушчулар 3 жылдан бери толук айлык ала элекпиз. Карапайым жумушчуларга кыйын болуп кетти. Ишкана жумушчуларга 2 млн сом, электр энергиясын берген ишканага 3,5 млн сом, социалдык фондго 2 млн сом, киреше салыгына 0,7 млн сом жана башка карыздарыбыз бар. Өкмөт ушул айыл чарбага көӊүл бурса абдан жакшы болот эле. Эгерде бизге бир аз эле түрткү болуп, жардам берилгенде жана карыздарыбыз төлөнсө, бул мекеменин келечеги абдан чоӊ», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
1
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×