Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 18.06.2018 11:08 На русском

Сокулукта 2 унаа кагышып, 33 жаштагы айдоочу каза болду (фото)

Turmush -  Сокулук районунда эки унаа кагышып, айдоочулардын бири көз жумду. ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июнда билдиргендей, адам өлүмү менен коштолгон кырсык Бишкек–Жаңы-Жер унаа жолунун 30-чакырымында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Мерседес-Бенц Спринтер» (мамлекеттик номуру 01KG319AAZ) жана «Мерседес-Бенц» унаалары кагышып, алардын биринин кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу — 1985-жылы туулган И.М. оор жаракат алып, көп узабай көз жумду. Учурда окуянын себеби такталып жатат.

Ал эми окуянын күбөлөрү аймактык кабарчыга айдоочулардын бири мас абалында болгонун билдиришти. «Бирөөсү жүргүнчү ташыган кичи автобус экен. Бирок ичинде жүргүнчүлөрү жок, айдоочу жалгыз болгон. Ал эми экинчиси сүт ташуучу унаа экен. Анда деле жалгыз айдоочу болгон. Кичи автобусту айдаган айдоочу ошол жерден жан берсе, сүт ташуучу унааны башкарган айдоочу оор абалда Бишкек шаардык №4 ооруканага жеткирилди. Биздин байкашыбызча эки айдоочунун бири мас абалда болгон», - деп билдиришти күбөлөр.

Ал эми Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 18-июнда болжол менен саат 03:40 чамасында Манас—Жаӊы-Жер унаа жолунда «Мерседес-Бенц Спринтер» (мамлекеттик номуру 01KG319AAZ) жана «Мерседес-Бенц» (мамлекеттик номуру S 5929 C) үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсык катталды. «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ал унаасы менен түштүк багытты көздөй бара жаткан. Ал эми жүк ташуучу унаанын 31 жаштагы айдоочусу карама-каршы тилкеде түндүктү көздөй бара жаткан. Ал Жашыл-Жалбырак дачасынын тургуну болгон. Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болсо, «Мерседес-Бенц» жүк ташуучу унаасынын айдоочусу ӨКМ кызматкерлери келе электе эле тез жардам менен ооруканага жеткирилген.

Катталган кырсык боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. «Айдоочулар мас абалда болгондугу же болбогондугу тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен билинет», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×