Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 15.06.2018 17:03

«Жеңеке»: З.Бекташова жаңы турмушка чыкканда көшөгөнүн жанында айтылгандарды угуп таң калган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 48 жаштагы тургуну Замира Бекташова мугалимдик кесип менен үй-бүлөнүн түйшүгүн бирдей алып кеткен кыргыз аялдарына баа берет. Ал өзү жолдошу менен бактылуу үй-бүлөнү түптөп, эл агартуу тармагында бир топ ийгиликтерге жетишкен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум Бактыгул экөөбүз 1995-жылы баш коштук. Жолдошум менен чогуу мектепте иштеген кесиптешим тааныштырган. Экөөбүз 23 жылдан бери бактылуу үй-бүлөнү түптөп, эки кыз, бир уулду татыктуу тарбиялап, өстүрүп келе жатабыз. Үй-бүлөнүн түйшүгүн жана кесиптик ишиңди алып кетүү, аял киши үчүн чын эле оор. Айрыкча мугалимдер үчүн үй менен кесибиӊди бирдей, ийгиликтүү алып кетиш өтө эле кыйын. Бирок, кыргыз аялдары мугалимдик кесиптен да ийгилик жаратып, ошол эле маалда үй-бүлөөгө да жетишип келе жатабыз.

Жаңы келин болуп барганда, көшөгөнүн жанында отурган улгайган байбичелердин келин чайды кандай куюп жана сунуш керек экендигин, ким кандай чай жакшы көрөрүн айтып жатышканы мени аябай таң калтырган. Көрсө, мага чай берүүнүн адебин үйрөтүшкөн экен. Жаӊы келин болуп келген кездеги ушул учур эсимен кетпейт. Ал кезде кызыктай, таӊ калыштуу болуп көрүнсө, азыр туура эле үйрөтүшкөн экен деп калам», - деди ал.

Замира Бекташова үй-бүлөдө аял кишинин орду абдан чоӊ экенин баса белгиледи.

«Үй-бүлөдө аял кишинин орду абдан чоң деп эсептейм. Үйдүн куту, таалим-тарбия берүүчү, турмуштун баштапкы кадамдарын көрсөтүүчү бул — эне. Бардык нерсе майдадан башталат. Күнүмдүк турмушта билинбегени менен аял кишинин ар бир акыл-насааты баланын кийинки турмуш жолунда керектүү ыйык мыйзамдар десем болот. Эне канчалык мээримин төгүп, баласын асырап бакса, ошончо бала энесине жакын, күйүмдүү, карамдуу болот деп эсептеймин. Эне эч качан балдарын таштап, алыс жакка кетпеши керек. Эненин мээримин көрбөгөн бала таш боор болуп калат. Эненин ордун эч ким баса албайт, ошол себептен аял кишинин орду чоң. Эң негизгиси, аял киши билимдүү, маданияттуу, мээримдүү, боорукер, угуучу жана калыс болушу керек», - деди ал.

Замира жеӊе 1970-жылы Талас шаарында төрөлгөн.

«Өмүрлүк жолдошуң да билимдүү, түшүнүктүү болсо эң жакшы экен. Жумушта болгон көйгөйлөр, жетишкендиктер менен ар дайым бөлүшүп турам. Мени ар дайым колдоп келет. Ошол себептен жумушта көп ийгиликтерге жетиштим десем болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×