Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Жаш талант: Ислам динин тутунган орус үй-бүлөнүн кызы Мариям келечекте кыргыз тилчи болот (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 8 жаштагы тургуну Мариям Алексеева эс алуу учурунда кыргыз тилин үйрөнүп, кошумча билим алат. Келечекте кыргыз тил мугалими болуп, башка улуттун өкүлдөрүнө тил үйрөткүсү келген кичинекей Мариям менен аймактык кабарчы таанышты.

Мариям учурда Сокулук районундагы №2 орто мектептин 3-классын аяктады.

«Башында кыргыз тил сабагынан аябай кыйналдым. Ошол себептен кошумча курстарда окушум керек эле. Биздин райондо кыргыз тилинен сабак берген Замира Асанкулова деген мыкты мугалим бар. Алгач бир аз эле үйрөнүп алсам деп баргам. Аталган эжейимдин сабак өткөн ыкмасы мага аябай жагып, кыргыз тилин тез эле өздөштүрүп кеттим. Эми мага жаккан сабактардын катарына кыргыз тили да кошулду. Ошол себептен келечекте кыргыз тилчи мугалим болгум келет. Учурда мен 3-классты аяктаганым менен кыргыз тили боюнча 6-класстын программасын окууга жетишип калдым. Тактап айтканда, 6-класстын китептери боюнча үй тапшырмаларды кыргыз тилинде аткарып жатам. Мектепте мага адабият, математика жана кыргыз тили сабактары жагат. Мындан тышкары сүрөт тартканды, китеп окуганды жакшы көрөм», - деди ал.

Мариямдын апасы Ольганын айтымында, кыргыз тилин үйрөнүү кызы үчүн оӊойго турган жок.

«Албетте, биз үйдө баарыбыз орус тилдүүбүз. Бардык сабактарынан бешке окуп, кыргыз тилинен эле бир аз кыйналып жатканынан курстарда окутууну чечтик. Башында тил үйрөнүп кетүү оӊой болгон жок. Алгач сөздөрдү жаттап, жазганда грамматикага көп көӊүл буруп жүрдү. Аталган эжейдин сабак берген ыкмасынын арты менен кызым тез эле кыргыз тилин үйрөнүп кетти. Кызым аябай зирек жана дилгир окуучу. Ал 6 жашка чыга электе эле мектепке барган. Сабактарды тез эле өздөштүрүп кетүүгө жөндөмү бар. Китеп окуганды абдан жакшы көрөт», - деди ал.

Мариям үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

«Биздин үй-бүлөдө 6 киши бар: апам, атам, чоӊ апам, иним, байкем жана мен. Атам Роман 37 жашта болсо, апам Ольга 35 жашта. Инимдин аты Али, ал 3 жашта жана байкем Давут 12 жашта, ал мектепте 7-класста окуйт. Биз үй-бүлөбүз менен мусулманбыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4110
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×