Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Сокулуктук Бегимай дүкөнгө киргизип тамашага салган классташынын окуясын унутпайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаӊы-Жер орто мектебин мындан он жыл мурун аяктаган он жылдык классташтар жолугушуу кечесин өткөрүштү. Классташтардын бири Кубанычбек кызы Бегимай окуучулук күндөрдөгү эсте калган окуясын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Биздин классташтардын жоруктары, тамашаларынын көбү азыркы күнгө чейин эч унутулбайт. Абдан сонун күндөр өткөн. Ошол окуучулук кезди сагынат экенсиӊ.

Окуялардын бирин айтып берейин. Анда биз 11-классты аяктап жатканбыз. Экзамен учуру болчу. Жалпы 18 кыз, 6 эле бала бүтүп жатканбыз. Балдарыбызды аябай жакшы көрчүбүз. Кээде биз аларды деле катуу тамашага салчубуз. Ошентип, экзаменде жүрүп аябай суусап турсак, классташ балабыз келип, жүргүлө дүкөнгө деп калды. Сүйүнгөнүбүздөн аны ээрчип алдык. Дүкөнгө кирсек, ал классташыбыз бал муздак, сок жана башканын баарын жайнатып алды. Ичибиздиден кымыӊдап жыргап алганбыз. Андан кийин класстабышыбыз сатуучуга акчасын кыздар төлөйт деп сыртка чыгып кетти. Биз кыздар оозубузду ачып, жалдырап калдык. Же жаныбызда акча жок. Айла кеткенде карызга жаздырып кеткенбиз», - деди ал.

10 жылдыктардын көбү учурда мамлекеттик кызматтарда, медицина тармагында, укук коргоо органдарында, электр энергия тармагында жана жеке ишкерлик менен эмгектенип жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1205
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×