Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Б.Сыдыков Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Кечээ, 11-июнда Сыдыков Бакыт Дамирбекович Сокулук районуна караштуу Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматка караганда, буга чейин 13-майда Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өткөн. Анда 21 мандат үчүн 122 талапкер ат салышып, ага 8423 шайлоочунун ичинен 2810 шайлоочу катышкан.

Айыл өкмөт башчылыгына 3 адам — Айдарбек Жумашалиев, буга чейин айыл өкмөт башчынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген Асылбек Адылбеков жана Бакыт Сыдыков ат салышты. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, анын 20сы 37 жаштагы Бакыт Сыдыковго өз добушун беришти.

Өмүр баяны:

Бакыт Сыдыков 1981-жылы Сокулук районунда төрөлгөн. 1989-1999-жылдары Сокулуктагы №4 орто мектептен билим алып, 1999-2004-жылдары Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолун 2005-жылы Жогорку соттун аппаратында референт болуп эмгектенүү менен баштаган. 2017-жылдан азыркы убакка чейин Сокулуктун акимчилигинде адис катары иштеген.

Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 909
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×