Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Сокулукта күйөөсүнөн шакек менен ур-токмок жеген эне ооруканага милициянын унаасы менен жеткирилген

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылында экинчи жолдошунан ур-токмок жеген 39 жаштагы А.М. ооруканага аймактык тескөөчүнүн унаасы менен жеткирилген.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 6-июнь күнү болжол менен саат 10:00-11:00 чамаларында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсүнө жолдошунан ур-токмок жеген аял тууралуу билдирүү түшкөн.

«Бул билдирүүнү А.М. өзү кабарлаган. Аймактык тескөөчү жабырлануучуну өздүк унаасына салып, аймактык ооруканага жеткирген. Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталган. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, аялын токмоктоду деп шектелген А.М.нын жарандык никедеги күйөөсү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө кызматына алынып келинди.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылынын 39 жаштагы тургуну А.М. экинчи жолдошунан токмок жеп, ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, кечээ, 7-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова, Сокулук райондук мамлекеттик администрация жетекчисинин орун басары Токтобүбү Ракимбаева жана райондогу социалдык кызматкерлер ооруканага барып, аталган жабырлануучунун ал-абалы менен таанышып, юридикалык кеӊештерди берип, керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн белгилешти.

Жабырлануучу А.М.нын айтымында, экинчи жолдошу менен жашап жатканына бир жылдай боло элек.

«Бул экинчи турмушум. Чогуу жашап жатканыбызга бир жыл боло элек. Биринчи жолу сабаган жок. Дайыма эле ушундай көрүнүш. Кээде ичип келип сабаса, кээде ичпей эле сабайт. Мен өзүм 7 жылдан бери Студенттер айылында жашайм. Аталган айылда өзүмө караштуу үйүм бар. Азыркы жолдошум да ошол Студенттер айылында жашайт. Биринчи турмушумдан 3 кыз бар. Алар атасында. Кээде мага келип турушат. Эӊ улуусу 18 жашта, ортончусу 16 жашта болсо, кичүүсү 5 жашта. Алар Аламүдүн районунда жашашат.

Мен бул экинчи жолдошум менен жашагым келбей, кет деп баштагам. "Кетпейм, сени өлтүрүп кетем" деп айтат. Уруш ушундан чыгып жатат. Мында колундагы шакеги менен сабады. Милицияга арыз жазгам, бирок алар экспертизанын жыйынтыгын күтүп, камабай жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 923
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×