Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Сокулуктагы абактан 18 жаштагы жоокердин чекесине ок тийип каза болду

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагындагы абактан жоокер чекесине ок тийип каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 6-июнда болжол менен саат 10:30да ЖАМКнын Күзөт жана конвоирлөө департаментинин 18 жаштагы катардагы жоокери 7-мунара күзөтүндө турганда өзүн-өзү атып салган. Эртең менен ал башка жоокерден аталган күзөттү өткөрүп алган.

Жоокер 12-ротада аскердик милдетин аткарып жаткан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ок жоокердин маңдайынан кирип, артынан чыккан. Маркумдун сөөгүн туугандары Ош облусуна алып кетишкен. Жоокер 2000-жылы Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында төрөлгөн.

Кийинчерээк бул маалыматты ЖАМКнын басма сөз кызматы тастыктап, жоокердин жансыз денеси бийик секинин ичинен табылгандыгын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5232
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×