Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

«Жеңеке»: Тиш доктур Л.Молдобекова жолдошунан камыр жууруп, нан бышырганды үйрөнгөн (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда тиш доктур болуп эмгектенген Лариса Молдобекованы жолдошу менен апасы жана кайненеси тааныштырган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сокулук районуна караштуу Шалта айылында 1977-жылы төрөлгөн.

«Жолдошум Кубан экөөбүздүн апаларыбыз чогуу иштешчү жана дос болуп катышып жүрүшчү. Мен окуумду бүтүп, диплом алганда алар Кубан менен тааныштырышкан. Эртеси жолдошум иштеген жериме келип, тишин дарылатып кеткен. Андан бир күн өтпөй экөөбүз баш кошконбуз. Ошондон бери бактылуу өмүр сүрүп келе жатабыз. Жолдошумдун ак көӊүл мүнөзү жагат. Жаӊы келин болуп келгенде нан бышырганды билчү эмесмин. Үйдө жалгыз кыз болуп апамдар мени эч нерсе жасатчу эмес. Нанды жасаганды жолдошум үйрөттү. Бир күнү нанга камыр жуурусам ачыбай калды. Көрсө мен ачыткы кошпой коюптурмун. Аны угуп алып күлүшкөн эле», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен 1 кыз жана 1 уулду тарбиялап жатышат.

«Д.Шопоков атындагы орто мектебин 1994-жылы аяктап, Кара-Балта шаарында медициналык колледжди бүтүргөм. 1997-жылы Шопоков шаарындагы тиш ооруканасында тиш дарыгери болуп иштеп баштадым. 1999-жылдан бери Сокулук районунда иштеп жатам.

Мен бала кезде тиш дарыгери болом деп эч ойлогон эмесмин. Атамдын карындашы Расипа эжем "тиш доктур болушуӊ керек" деп, окууга киргизип койгон. Азыр өкүнбөйм, кесибим өзүмө абдан жагат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1519
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×