Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Фото — Сокулукта милициянын мурунку майорун издөөгө 50 милиция кызматкери жана айыл тургундары тартылды

Turmush -  Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагына караштуу Студенттер айылынын 78 жаштагы тургуну Нуркалый Жакеев дайынсыз жоголуп, 8 күндөн бери изделүүдө. Ал СССР учурунда милиция кызматында иштеп, майор чинин алган.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, учурда Н.Жакеевди издөөгө элүүдөн ашуун милиция кызматкерлери жана 30-40 айыл тургундары тартылды. Алар 3 күндөн бери айыл ичин, айдоо аянттарын, суу аккан арыктарды жана башка жерлерди карап чыгышууда. Издөө иштерине Сокулук РИИБдин кызматкерлеринен сырткары Чүй облусунун райондорунан да кошумча милиция кызматкерлери чакырылган.

Н.Жакеевдин күйөө баласы Алмаздын айтымында, 22-майда кечки саат 19:30 чамасында Сокулук районунда мал сарай өрттөнүп, Нуркалый Жакеев Студенттер айылына кырсык болгон жерге барган.

«Ошол күнү саат 18:00дө кошунабызга койлорду кезүүгө кошкону сүйлөшкөнү кеткен. Кошунабыз малды айылдын четиндеги талаада кайтарат. Бирок ал “койлорду ала албайм, өзүмдүн койлорум көп болуп кетти” дептир. Андан чыгып келе жатса айылдын ары жагында кашардын чөбү өрттөнүп жатыптыр. Элдин баары кырсык болгон жерге жардамга баратса, аларга кошулуп биздин атабыз дагы барыптыр.
Караӊгыда көзү да жакшы көрбөйт. Ал өрт кечкурун, күн батып бара жатканда болгон. Атабыз ал жактан кайра үй жакка келе жатканын кичинекей балдар көрүптүр. Ортодон көпүрөдөн өтүп, үйгө бара турчу жолду таппай жатканда бир балага жолугуптур. Экөө учурашып, андан ары басып кеткен экен.

Атам өзү ИИМдин ардагери, союз маалында майор чинин алган. Эки уул, эки кызы бар. Эс акылы жакшы эле. Ал мурунку милиция кызматкери болгондуктан үйдү таап келет эле. Атам кыргыз, казак, орус тилдеринде сүйлөйт. Түбү Нарындын Ат-Башы районунан.
Биз 23-майда кечинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө барып арызыбызды таштап келгенбиз. Түнкү саат 24:00дө оперативдүү топ келип кетишкен. Андан бери милиция кызматкерлеринен бир да кабар жок. Өзүбүз атабыздын сүрөтүн чыгарып, базарларга чаптап келдик. Туугандын баары биригип алып айылдын тегерегин, ал тургай Төрт-Күл, бул жагы Совхоз айылдарына чейин кыдырып, издеп жатабыз», - деди ал.

Нуркалый Жакеев 1940-жылы төрөлгөн. Кийген кийимдери: кочкул жашыл түстөгү футболка, каралжын көк түстөгү шым, кол сааты бар.

Сокулук РИИБдин маалыматына караганда, Студенттер айылынын 78 жаштагы тургуну Нуркалый Жакеевди издөө иштери жүрүп жатат.

«24-майда аталган кишинин жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн. Учурда издөө иштери башталды», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы мурунку майор Н.Жакеевди издөө иштери жүрүп, Чүй облусу жана Бишкек шаарына маалыматтар берилгенин аймактык кабарчыга билдирди.

«23-майда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 40 жаштагы жергиликтүү тургун М.А. арызы менен кайрылган. Анда ал Сокулук районунун Студенттер айылындагы Намазалы ажы көчөсүнүн №63 үйүнүн 1940-жылы төрөлгөн тургуну Н.Жакеевдин жоголгондугу жөнүндө жазган. Бул факты кылмышты каттоо китебине катталып, издөө иштери жүрүп жатат. Издөө жана иликтөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери айыл тургундарынан сураштырып, ээсиз калган үйлөрдү, талааларды жана башка болжолдонгон жердин баарын карашты. Чүй облусунун бардык аймагына жана Бишкек шаарына маалымат берилип, Чүй ОИИБ бул ишти өз көзөмөлүнө алды», - деп айтылат маалыматта.

Нуркалый Жакеевдин кайда жүргөнүн билгендер 0708 70 44 07, 0702 70 03 70 номурларына же милициянын 0707 43 41 70 номуруна байланышса болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7734
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×