Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 30.05.2018 12:05

Чыр менен аяктаган сулуулар сынагы: Калыстар тобундагы мени колдогон байкени көрсөткүлөчү, - 1-вице сулуу Айгерим (фото)

Turmush -  Сокулук районунда өткөн сулуулар сынагында биринчи вице сулуу наамын жеӊип алган Айгерим Саякпаева келечекте Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошкусу келет. Ал Turmush басылмасына маек берип жатып, «Сокулук Сулуусу-2018» сынагындагы ызы-чууга анча деле көӊүл бурбагандыгын жана уюштуруучуларга эч кандай таарынычы жок экенин билдирди.

Айгерим Саякпаева 2000-жылы 9-сентябрда төрөлгөн.

«Мен Сокулук районунун Төш-Булак айылында өсүп-чоӊойдум. Ата-энем мамлекет кызматкерлери. Өзүм 5 бир тууганмын. Азыркы учурда Сокулук айылында ата-энем, 3 сиӊдим жана иним болуп турабыз. Сокулук айылынын К.Шопокова атындагы №3 мектеп-лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсүмүн. Мамлекеттик сынактан "эӊ жакшы" деген бааны алам деп даярданып жатам. Математика боюнча райондук олимпиаданын жеӊүүчүсүмүн. Негизи математиканы жакшы көргөндүктөн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырып, келечекте Кыргызстанымдын экономикасын көтөрөм деген чоӊ максатым бар», - деди ал.

Айгерим буга чейин сулуулар сынагына катышып көргөн эмес.

«Сулуулар сынагына буга чейин катышкан эмесмин. Атам кичинекейимден эле "сулуу" кызым деп айтчу. Атамдын ошол кыялын орундатайын деп, сынакка катыштым. Бирок сынактын алдында атам бул сенин "жолуӊ" эмес деп айтты.

Сынакты уюштурган Сезим эжеге ыраазычылыгымды билдирем. Ал мени элдин алдында кандай алып жүрүштү, туура басканды үйрөттү. Сынактан жаӊы курбуларды да күттүм. Сынак мен үчүн оор деле болгон жок. Анын жыйынтыгы жөнүндө айтсам, таӊ калганым калыстардын добушу менен эӊ көп 85 упай алдым, Чыңгыз Айтматовдун туулган жылын "1928-жыл" деп туура айттым, дагы суроолор болот деп күттүм. Руслана Каримулина (калыс) зал добуш берсин деди. Бирок залда мени колдогондор көп болгондуктан, залга добуш бердирген жок. Сезим эже менен калыстар тобу биринчи орундун ээсин табууга даярданып калышты. Бир нерсе туура эмес болуп жатканы сезилип турду. Рыскул Намазбековна чечет деп, ага телефон чалышты. Мени биринчи вице сулуу наамына татыктуу деп эсептешиптир. Эч нерсени түшүнбөй калдым. Мунун бардыгын социалдык тармактарга тарап кеткен видеолордон көрсөӊүздөр болот. Видеолордун кээ бир жерлерин кесип да чыгарып жатышат.

Бизди бир дагы жолу жана эмне кылганыбызды көрбөй туруп Рыскул Намазбековна кантип чечти? 250 сомдон 20 билет саткыла деген, мен 40 билет саттым. Взносту (2500 сом) убагында бергем. Сынактагы болгон номурларды жакшы аткардым. Кошумча суроосуна дагы жооп бердим. Эӊ негизги себеп кылып, калыстар тобунун ичинде байкеси бар деп чыгышты. Кимиси менин байкем экенин сурайын дедим эле. Калыстарды биз тандаган эмеспиз да. Аларды сынак болгон күнү көрдүк. Бирок мен капа болгон жокмун. Анткени мени эл колдоду. Балким, Рыскул Намазбековна ушул сынактын видеосун башынан аягына чейин көрсө, көз карашы өзгөрмөк.

Ажарды куттуктайм. Сокулук районубуздун атынан "Кыргызстан сулуусу-2018" сынагына катышат, ага ийгилик каалайм», - деди ал.

Айгерим 9-классында футболго катышып, кийин жеӊил атлетика менен көптөгөн мелдештерге катышып, ийгиликтерди жараткан.

«Жашоомдо өкүнгөн учурум жок. Ата-энем ар бир маселени кийин өкүнбөгөндөй кылып туура чечүүгө үйрөткөн. Мен үчүн ар бир аткан таӊ, ар бир күнүм бактылуу учурум. Мен бактылуумун. Жашоомдо кызыктуу окуялар көп. Сынактан кийин "ата сулуулар сынагына катышып, сизге сыра идишин, апа сизге калемсап утуп алдым" деп айтып күлдүк.

Менин хоббим — кол өнөрчүлүк. Кагаздан ар кандай буюмдарды жасаганды жакшы көрөм. Мисалы, сынактагы талант тапшырмасында көйнөктү өз колум менен жасагам. Ал эми тасмалардан Америка сериалдарын жана жаӊы кыргыз кинолорун жакшы көрөм. Мен өзүм меломан болом. Ар кандай жанрдагы музыканы уга берем. Детективдүү китептерди жакшы көрүп окуйм. Мисалы, Дарья Донцова жана Агата Кристинин китептерин көп окудум. Спортто болсо, 9-классымда футболго катышчумун. Андан кийин жеӊил атлетика менен мектеп арасындагы олимпиадаларга катышып, ийгиликтерге жетишип жүрдүм. Тамакты тандабайм. Бир гана козу карынды жебейм. Мен жашоодо эмнеден ырахат алам? Ата-энем, бир туугандарым менен чогуу дасторкон үстүндө сүйлөшүп, күлүп, жылмайып отурганыбыздан ырахат алам. Эгер сыйкырчы алдымдан чыкса, ата-энем жана мага жакын адамдарым аман-эсен жанымда эле жүрө беришин суранмакмын. Ал эми мырзалар жөнүндө ойлонгонго али эрте. Ал эми, ар бир адам патриот, чынчыл жана боорукер болуш керек деп ойлойм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×