Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Чүй

Чыр менен аяктаган сулуулар сынагы: «Сокулук сулуусу» наамын жеңген Ажарды таажыны сатып алды деп айыпташкан (фото)

Turmush -  Кубанычбек кызы Ажар 1999-жылы Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында төрөлгөн. Ал жакында эле өткөн «Сокулук сулуусу-2018» наамын жеӊип алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Муса Жангазиев атындагы №4 орто мектебин 9-класска чейин окуп, Шопоков шаарындагы жеке колледжге тапшырып, ал жактан билим алып чыккам. Учурда апама жардам берип, үйдөмүн. Кудай буюрса жогорку окуу жайга тапшырам. Буга чейин сулуулар сынактарына жана башка ушул сыяктуу сынактарга деле катышкан эмесмин. Сокулук сулуусу сынагын кокусунан эле социалдык түйүндөрдөн көрүп калып, үйдө бош отурбай катышып көрөйүн деп бардым. Биринчи орунду алып калам деп эч ойлогон эмесмин. Сынак албетте жеӊил болгон жок. Эл алдында жүргөн адам болбогондуктан, сынактарга мурун катышып көрбөгөндүктөн, оор эле болду. Жакындарымдын көбүн чакырган эмесмин. Анткени орун алам деп ойлогон эмес элем. Апам, сиӊдилерим, чоӊ апам, классташ кыздарым келген. Бул наамды алганда абдан толкунданып ыйлагым да келди», - деди ал.

Ажар башынан өткөн окуяларды айтып берди.

«Жашоодо өкүнгөн деле учурларым болгон жок. Бактылуу күндөрүм көп эле болду. Таажыны алып биринчи орунга чыкканда, апамдын бактылуу жылмайганын көрүп, сүйүндүм.

Хоббим — спорт. Жумасына 3 жолу фитнеске барам. Мындан тышкары чыгыш бийин бийлегенди жактырам. Ушул бийге байланыштуу эсимен кетпеген кызыктуу окуя болгон. Ал кезде №4 орто мектепте 6-класста билим алчумун. Сабактан кийин Алексей Филатовдун мектебине да барып, чыгыш бийин үйрөнүп жүрдүм. Бирок Бишкекти жалгыз кыдыра албай, дос кызым менен барчу элем. Бир күнү ал барбай калып, жалгыз Сокулуктан Бишкекке бий мектебине жөнөдүм. Филармонияга барыш керек эле. А, мен аны таппай ошо тегеректи эле кайра-кайра айланып жүрө бериптирмин.

Тарыхый, жашоодо чын болгон окуянын негизинде тартылган тасмалар жагат. Музыкадан чыгыш музыкаларын көп угам. Ал эми чыгармалардан аӊгеме, повесть, жомокторду окуйм. Тамак-аштар болсо, пицца, француз эти жана башка тамактарды жакшы көрүп жейм», - деди ал.

Ажар келечекте прокурор кызматкери болууну кыялданат.

«Менин бул жашоодогу тилегим, апам эч качан оорубасын дейм. Атам жок, бизди апам жалгыз тарбиялап, өстүрүп келет. Менден кийин 3 сиӊдим бар. Өзүм келечекте прокурор болгум келет жана болорума ишенем. Ал эми жигиттерден мага мырза деген атка татыктуу, сөзүнө турган, намыскөй балдар жагат», - деди ал.

Келечектеги прокурор сулуулар сынагы чыр менен аяктап, айрым көрүүчүлөр тарабынан айтылган нааразы пикирлерге капа болгонун да кошумчалады.

«Бир кыздын байкеси калыстар тобунда экен. Көрүүчүлөрдүн көбү эле 1-вице-мисс наамын алган Айгеримдин жакындары болчу деп айта алам. Себеби, алар өздөрүнө ишенип жана ишеничтүү адамы болгону үчүн келишкен. Мен наамды алганда, сынакка көӊүл бурулбай калды. Аябай ызы-чуу болуп кетти. Бирок апам, бир тууган, досторум гүл берип куттуктаганын көрүп эле, аларга маани берген жокмун. Менден "ушул орунга татыктуусуӊбу" деп сурашканда, "факты боюнча сулуулар таажысын алдым, муну эч ким жокко чыгара албайт" деп айттым. Менин апаман да улуу адамдар жаман сөздөрдү айтып капа кылышты. Бирок, мен аларга көп деле маани бербегенге аракет кылдым. Алар балким мени ушул таажыны сатып алды деп ойлогондур, бирок менин апам жөнөкөй карапайым адам. Өзүбүз карапайым эле жашайбыз. Мен кантип таажыны сатып алат элем. Ал тургай мен наамды жеңип аларыма ишенген эмесмин», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2258
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×