Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 29.05.2018 08:04

Айыл турмушу: Чоң ата унуткан Гүлмира Лариса аталып, тиштерди дарылап эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Сокулук районунун 41 жаштагы тургуну Лариса Молдобекова 21 жылдан бери тиш дарыгери болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сокулук районуна караштуу Шалта айылында төрөлгөн. Ал төрөлгөндө үйдөгүлөр чоң атасына ысымын Гүлмира деп атоону айтып жиберсе, ал киши айыл өкмөткө барып кое турган атын унутуп калып, Лариса деген ысым ыйгарылып калган.

«Д.Шопоков атындагы мектепти 1994-жылы аяктап, Кара-Балта шаарында медициналык колледжди окуп бүтүргөм. 1997-жылы Шопоков шаарында поликлиникада тиш дарыгери болуп иштеп баштагам. 1999-жылдан бери Сокулук районунда иштеп келем. Бала кезде тиш дарыгери болом деп эч ойлогон эмесмин. Атамдын карындашы Расипа эжем «тиш доктур болушуң керек» деп киргизип койгон. Азыр өкүнбөйм, өз кесибим өзүмө абдан жагат.

Жумушумда көп эле кызыктуу окуялар болот, көбүнчө менин орусча ысымым менен байланыштуу. Тишин дарылатып келгендер эшиктеги кабыл алуудагы кыздардан сураганда, Лариса деп мени айтышса, бардыгы эле «орус экен» деп ойлошот экен. Кирип келип, көздөрү менен орус аялды издегендей болушат. Анан «Лариса сизби?» деп таң калуу менен сурашат. Менин атымды чоң атам койгон экен. Үйдөгүлөр Гүлмира деп жиберишсе, сельсоветке жеткенде атымды унутуп калып, көпкө эстей албай коюптур. Анан орус эже «менин бир кызымдын атын кой» деп, документке Лариса деп жазып берген экен.

Жумушта эртең менен саат 8:00дөн баштап кечки саат 17:00гө чейин иштейм. Үйгө чарчап барып тамак бышырам. Күнүнө 10го жакын бейтапты кабыл алып, тиштерин дарылап берем», - деди ал.

Дарыгер айым буга катар эле 1 кыз, 1 уулдун апасы экендигин кошумчалады.

«Жолдошум Кубан кайтаруучу бөлүмдө иштейт. Кызым 19 жашта, жогорку окуу жайдын тиш дарыгери бөлүмүндө 2-курста окуйт. Уулум Касым 13 жашта, мектепте 6-класста билим алууда.

Бул дүйнөдө жакын адамдарымды жоготуудан абдан корком. Жашообузда атамдан жана апамдан айрылып калгам. Сүйүнүчүм балдарымдын күлкүсү, үй-бүлөмдүн бактысы» - деди дарыгер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×