Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 28.05.2018 13:17 На русском

«Көгөрүп, карарып, сасып кетиптир»: Сокулуктагы айдоо аянтта белгисиз адамдын 10 күндөн бери жаткан денеси табылды (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студенттер айылында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, аталган кишинин жансыз денеси Студенттер айылындагы мүрзөнүн астында жайгашкан айдоо аянттан табылган.

«Биз бул адамдын сөөгүн көргөндө эле милиция кызматкерлерине кабарлаганбыз. Бирок ушул күнгө чейин эч ким алып кетпептир. Ал адамдын денеси көгөрүп, карарып, сасып кетиптир. Аялбы же эркекпи, улуту ким экени да белгисиз. Аны атайын кездемеге ороп таштап кеткен сыяктуу», - деп билдиришти тургундар.

Алар бул адамдын жансыз денеси айдоо аянтта 10 күндөн бери жатканын кошумчалашты.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×