Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 09.02.2018 15:12

Үйлөнүү тойдо өткөрүлгөн аламан жарышта спортчу жигит жаракат алып, ооруканага түштү

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Национальный айылында үйлөнүү үлпөт тойдо өткөрүлгөн улуттук ат оюндарында спортчу жигит башынан жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 8-февралда эки жаштын баш кошуусунун урматына улуттук ат оюндары уюштурулган.

«Күндүз улак тартыш болду. Анда эч кандай жаракат алгандар болгон эмес. Баары жакшы өткөн. Кечинде аламан жарышта 32 жаштагы сокулуктук спортчу жигит башынан жаракат алды. Анын башына аттын тиши тийген экен. Ал учурда ооруканада. Абалы жакшы», - деп билдиришти окуянын күбөлөрү.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аламан жарыштын баш байгесине бир жылкы коюлуп, аны Ысык-Атадан келген команда жеӊип алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×