Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Мушкер Ѳ.Малабеков Санкт-Петербургда профессионалдар арасындагы мелдешке катышат (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылынын 26 жаштагы тургуну, спортчу Өмүрбек Малабеков Санкт-Петербург шаарында 10-февралда өтө турчу боск боюнча профессионалдар арасындагы мелдешке катышат. Бул тууралуу жаш мушкер өзү аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, эл аралык «Кайра жаралуу» аталышындагы турнирге даярдануу үчүн Россияда машыгуусун улантып жатат.

«Профессионалдар арасындагы мелдеш 10-февралда Санкт-Петербург шаарында өтөт. Анда мен жергиликтүү мушкер Алексей Шорохов менен беттешем. Кудай буюрса аны жеңем деген ойдомун», - деди ал.

Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону Малабеков 2013-жылы өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Былтыркы жылдан бери профессионалдар арасында күч сынашып, үч ирет жеңишке жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 370
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×