Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Кылмыш иши козголгон Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы элге бир жылдык отчетун берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Гавриловка айыл аймагында элдик жыйын болду, деп билдирди аймактык кабарчы. Маалым болгондой, аталган элдик жыйынга жергиликтүү бийлик, айыл тургундары катышты.

Анын башында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Болот Саткеев сүйлөп, айыл өкмөттө иш алдыга жылышы үчүн биринчи ынтымак керектигин белгиледи. Ал депутаттарга жергиликтүү бюджетти бекитүүнү тапшырды.

Андан кийин Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов элге бир жылда аткарылган иштин жыйынтыгын айтып, отчет берди. Тагай Бакасовдун айыл өмөт башчысы болуп иштегенине 1 жылга жакын убакыт болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасовго райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Кийинчерээк Сокулук районунун прокурору Марат Бусурманкулов Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына кылмыш иш козголгонун тастыктаган. Прокуратура Гавриловка айылдык кеңешинин төрайымы А.Жанышбекованын жана айылдык кеңештин жамааттык кайрылуусу боюнча текшерүү иштерин жүргүздү.

Айдана Жанышбекова

Айдана Джанышбекова

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-беренесинин (Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) негизинде кылмыш иш козголду. Мындан тышкары, «Ж» ЖЧКнын директору И.М.га Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козголду.

«Иш облустук прокуратурага жөнөтүлгөн. Алар УКМК же финансы полициясына өткөрүп берет. Бул иш ошол жактан чечилет. Ал мектептин оңдоп-түзөө иштеринине зыян келтиргени аныкталган», - деди прокурор.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Гавриловка айыл аймагынын башчысы Тагай Бакасов менен байланышканда ал күнөөсүз экенин, чоң саясий оюн жүрүп жатканын белгиледи.

Тагай Бакасов

IMG-20170130-WA0003

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 525
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×