Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Айыл турмушу: М.Эсенова сарымсак өстүрүүнүн жана андан киреше табуунун жолдорун айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Мээримкан Эсенова жолдошу менен бирге көп жылдан бери сарымсак өстүрүп келишет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бош убактысында дыйканчылык менен алектенген Эсенова Чүй облустук мамлекеттик архивде инспектор болуп эмгектенет.

«Жолдошум экөөбүз буга чейин сарымсакты аз гана өстүрчүбүз. Акыркы эки жылдан бери 1 гектар жерге өстүрүп баштадык. Быйыл түшүм абдан жакшы болду. Бирок баа абдан эле төмөн болуп жатат. Учурда сата элекпиз. Анткени кардарлардын баасы бизге туура келбей жатат. Экологиялык жактан таза продукцияны жана чоң эмгегиңди арзан баага саткың келбейт экен», - деди ал.

Мээримкан Эсенова сарымсак абдан кирешелүү экенин, бирок ошого жараша түйшүктүү эмгекти жана чыгымды талап кыларын баса белгиледи.

«Кирешелүү деп айтсак болот. Бирок баа кээде арзандап да кетет. Мисалы былтыркы жылы жакшы баа менен сатканбыз. Сарымсакты дыйкандар эмне үчүн аз өстүрүшөт? Себеби, алгач аны жерге отургузарда жумушчу көп талап кылынат. Учурда сарымсак отургузган техника бизде жок. Мындан тышкары каражат да көп талап кылынат. Жакшы түшүм алыш үчүн сарымсакты жакшы караш керек. Чыгымга учурап калуу коркунучу да бар. Ал баага көз каранды. Ооруп же өспөй калуусу да мүмкүн. Мунун баары уруктун сапатынан, жердин шартынан көз каранды болот. Негизи урук, жер жакшы болсо, убагында карасаң сарымсак көп оорубайт», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1419
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×