Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Гавриловка айылындагы мүрзөдөн суу чыгып, эл мусулманча сөөк көмө албай калды

Turmush -  Сокулук районундагы Гавриловка айылындагы мүрзөдөн суу чыгып, эл маркумдардын сөөктөрүн мусулманча көмө албай калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын аксакалы Байыш Нааматов билдирди.

«Биз 1996-жылы мүрзөгө 1,5 гектар жер бөлдүргөнбүз. Ошол мүрзөнү суу каптап жатат. Сөөк көмөрдө жер казсак 1,5 метрден кийин эле суу чыгып, мусулманча көмө албай калдык. Буга чейин айыл өкмөткө, келген акимдердин баарына дренаж казып бергиле деп какшап жатып тил тешилди. Азыркы айыл өкмөт "атайын акча бөлүп, февраль айында дренаж казып берем" деген. Эми "депутаттар бюджетти бекитпей, бул иш кармалып жатат" деп айтууда. Биз ичип жаткан сууга ошол мүрзөдөн сарыгып келген суу кошулуп жатышы мүмкүн.

Айыл өкмөт дагы, депутаттар дагы элдин кызыкчылыгын ойлоп коюшса жакшы болот эле», - деди ал.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1250
×