Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Сокулуктагы көк бөрүдө 28 жаштагы спортчу атка сүйрөлүп, оор абалда ооруканага жеткирилди

Turmush -  Сокулук районунун Гавриловка жана Төш-Булак айылдарынын көк бөрүчүлөрүнүн мелдешинде 28 жаштагы спортчу оор жаракат алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, оюн мындан 1 жума мурда болгон.

«Гавриловканын тайпасы Сокулуктагы эң алдыңкы тайпалардын бири. Ошол күнү жабыр тарткан 28 жаштагы Р.М. минген аты тайказанга чыгып кетип, өзү башы менен урунуп, атка сүйрөлүп калды. Кырсык көз ачып-жумганча болуп кетти. Учурда ал Бишкек шаарында ооруканада, башынан операция болду деп уктук», - деди алар.

Бул окуянын болгондугун айыл өкмөттүн кызматкерлери да тастыктап, жакын арада жергиликтүү кеңештин депутаттары бюджетти бекитсе жабыр тарткан көк бөрүчүгө акчалай жардам көрсөтүлөрүн билдиришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1921
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×