Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 01.02.2018 11:53

Сокулук аймактык ооруканасындагы үй-жайсыз адамдарга бөлүнгөн орунга эч ким кайрылган жок

Turmush -  Сокулук аймактык ооруканасында суук күндөрдө туруктуу жашаган жери жок адамдарга баш калкалоо үчүн орун бөлүндү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ооруканадан билдиришти.

«Суукка байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кеңешип, туруктуу жашаган жери жок адамдарга ооруканадан 10 орун бөлүнгөн. Мындан 2 мурун 3-4 киши келип жаткан. Бирок алар эртең менен кеткен бойдон кайра келишкен жок. Булардан башка адамдар келген жок. Ошондой эле, үшүккө кабылып кайрылган бейтаптар боло элек», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×