Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Сокулуктун Жаңы-Жер айылындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардам жана жалгыз бой жашаган карыяларга көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, быйыл онго жакын үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү.

«Жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилет. Быйыл онго жакын үй-бүлөгө 3 миң сомдон таратылды. Ошондой эле, жалгыз бой жашаган кары-картаңдарга көмүр таратып бердик. Демөөрчүлөр айылдагы эң жакыр үй-бүлөгө деп уй сатып беришкен. Кеңешкенден кийин аны социалдык коргоо кызматкерлеринин чечими менен сатып, акчасына көмүр сатып алдык. Ал аталган адамдарга берилди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 504
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×