Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 29.01.2018 16:56

Айыл турмушу: 26 жаштагы кол өнөрчү Үмүт иштеген жерине уктап калып, жармаңкеге бетине бисер жабышкан бойдон барган (фото)

Turmush -  Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айылынын 26 жаштагы тургуну Үмүт Моңолбаева ар түркүн азем, зер буюмдарды, кийизден оюнчуктарды жасайт. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жасаган буюмдарын 2 миң сомго чейин баалайт.

«Кичинекей кезимден бери кол өнөрчүлүк менен алекмин. Алгач апамдан үйрөнүп, андан кийин китептерден карап жасап баштадым. Учурда сөйкө, шакек, билерик, кийизден оюнчук, сумка жасайм. Аларды 30 сомдон 2 миң сомго чейин баалайм. Азыр кардарларым көп. Бир айда 200дөн ашык буюм сатылат. Мындан тышкары, Түркия, Казакстан, Россия, Өзбекстандагы тааныштарым буйрутма берип турат. Ал эми, жасаган буюмдарымды өлкөнүн ичинен Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин, Кант, Кара-Балтага чейин сатам», - деди ал.

Кол өнөрчү жумушу абдан кызыктуу экенин жана айрым учурларда күлкүлүү окуялар болуп турарын белгиледи.

«Жармаңкеге даярданып жаткан элем. Түнү менен уктабай буюмдарды жасап, абдан чарчагандыктан иштеген жериме уктап калыптырмын. Эртең менен турсам бетимдин бардык жерине бисер жабышыптыр. Бетимдеги бисердин тактары кетпей, жармаңкеге ошол боюнча баргам. Ал жерде бетимди көрүп, эмне болгонун сурашты. «Түнү менен буюм жасап, уктап калыптырмын» десем «абдан эмгекчил экенсиз» деп күлүшкөн», - деди ал.

Ү.Моңолбаева Балыкчы шаарында 1992-жылы төрөлгөн. Ал үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×