Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Крупск айыл өкмөтүндөгү ооруканада селсаяктар үчүн орундар даярдалды

Turmush -  Сокулук районунун Крупск айыл өкмөтүндө жалгыз бой карыларга отун берилип, райондук ооруканада 10 селсаякка жылынып жата турчу орундар даярдалды. Бул боюнча аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Жеңишбек Эдигеев билдирди.

«Аба ырайынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу айыл аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жалгыз бой карыяларга отун жагынан жардам көрсөтүлүүдө. Учурда 11 кишиге бердик. Эми дагы 10 чакты үй-бүлө бар.

Мындан сырткары, Крупск, Сокулук айыл өкмөттөрүндө жүргөн селсаяктардын суукта баш калкалоосу үчүн Сокулук аймактык ооруканасынан 10 кишиге орун сурадык. Кечээ бул боюнча милиция кызматкерлерине да айтылган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×