Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Төмөнкү-Чүй айылында жардамга муктаждарга көмүр таратылды

Turmush -  Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылындагы жалгыз бой карыларга, көп балалуу жана жакыр үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

«Ушундай катуу суукта биздин айыл өкмөт аз да болсо элге жардам берүүнү көздөп, жалгыз бой 8 карыяга жана турмуштук оор шартта турган 5 үй-бүлөгө 2 каптан көмүр таратып берди», - деп айтылат маалыматта.

Төмөнкү-Чүй айылында суук күндүзү - 30 градустун айланасында болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 415
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×