Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Сокулуктагы үйдүн меши жарылып, 22 жаштагы кош бойлуу келин оор жаракат алды

Turmush -  Сокулук районунун Романовка айылындагы Москва көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн меши жарылды. Анын кесепетинен 1996-жылы туулган Ж. кызы А. денесинен 65% күйүк алып, оор абалда Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген, деп билдирди ӨКМ бүгүн, 26-январда.

Учурда жабырлануучуга дарыгерлер тарабынан керектүү жардам көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле, окуянын себеби такталууда.

Ал эми Сокулук райондук аймактык ооруканадан аймактык кабарчыга билдиришкендей, 22 жаштагы келиндин 20 жумалык боюнда болгон.

«Бизге бул келин саат 16:00 чамаларында келип түшкөн. Абалы өтө оор болчу. Денесинин 65 пайызы ысык сууга күйүп калыптыр. Биз Бишкектен дарыгер-кеңешчи чакырып, келинди көрсөтүп, дарылоосун коррекция кылып койдук. Азыр абалы бир аз жакшы», - деп билдиришти дарыгерлер.

Романовка айылынын тургундарынын айтымында, жылытуучу системанын үстү тоңуп, анын кесепетинен меши жарылган.

«Келин жылытуучу системасына катуу от жаккан экен. Буу чыга турган жери тоңуп, ысык меши жарылып, андагы суу келинге чачыраган», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 941
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×