Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Чүй

Элдик уламыш: Студенттер айылына СССРдин маршалы С.Буденный келип кеткен (фото)

Turmush -  Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагына караштуу Студенттер айылына 1948-жылы Советтер Союзунун маршалы С.М.Буденный барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, Орто Азия боюнча эң алгачкы жолу асыл тукум жылкылар үчүн түзүлгөн заводго жогорку баа коюп кеткен.

Аталган айылда 28 жылдан бери жашап келе жаткан 57 жаштагы Жапарбек Эшбаевдин айтымында, Студенттер айылынын түптөлүшү Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу жылдарына туш келген. Фашисттик душмандар Харьковго жакындап калганда Советтер Союзунун өкмөтү тарабынан рысак аттуу асыл тукум жылкыларды алыскы аймактарга которуу чечими чыгарылган. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын Чүй өрөөнүнө алынып келген.

Сокулук районундагы Фрунзе совхозунун ээн талааларына республика боюнча эң алгачкы жылкы чарбасы түзүлгөн. Чарба таза кандуу жылкыларды багуу, аны өнүктүрүүгө багыт алган. Ошентип, ушул жылкы чарбасы түзүлгөн жерге 1946-жылы Студенттер айылы түптөлгөн. Студенттер айылындагы жылкы заводдун эң алгачкы директору Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Л.И.Портных болгон. Ал өзүнүн жубайы менен бирге №80 жылкы заводун негиздешкен. Аялы айыл чарба илиминин кандидаты, зоотехник жана асылдандыруучу болгон.

«Жылкы завод ошол мезгилде жылкыларды илимий түрдө жакшыртууда Орто Азия боюнча жападан жалгыз завод боло турган. Ал эми маршал С.М.Буденный заводдун ишине жогорку баа коюп, ыраазы болуп кеткен. 1948-жылы жылкы завод Кыргыз айыл чарба институтунун окуу тажрыйба алуу чарбасына айланган. Биринчи директор Портных 1955-жылы кетип, андан соң Р.Гайфулин, Л.Бугайченко, Н.Коломиец, Ж.Тюлигенов, И.Мураталин, К.Ибраев, И.Раззаков, И.Горелкин, К.Иманов, А.Худайбергенов, А.Абдуллаев, Г.Мамытов, А.Акматов директор болуп иштешкен. 2011-жылдан баштап азыркы учурга чейин аталган чарбанын директору болуп А.Шамурзаев эмгектенүүдө.

Айыл СССР убагында түз Москвадан каржыланып, өлкөдөгү эң алдыңкы айылдардын бири болгон жана бул жерде бардык шарттар түзүлгөн», - деди ал.

Студенттер айылында болжол менен 2 миңдин тегерегинде тургундар жашайт. Айылда ФАП, мектеп, маданий клуб бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1465
Көп окулду
×