Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Чүй

Айыл турмушу: Н.Тажибаева 43 жылдан бери кичи мекенинде үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенет (фото)

Turmush -  Наватгүл Тажибаева 43 жылдан бери өзү төрөлгөн айылда үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Наватгүл Тажибаева 1949-жылы Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында төрөлгөн.

«Туулган жерим, иштеген жерим жана турмушка чыккан жерим – Төмөнкү Чүй айылы. 1968-жылы аталган айылдагы мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, аны 1974-жылы аяктадым. 1975-жылы өзүм төрөлгөн Төмөнкү Чүйгө келип иштеп калдым. 43 жылдан бери ушул жерде жогорку категориядагы үй-бүлөлүк дарыгер болуп эмгектенип келем. Жаңы-Жер дарыгерлер тобунун Төмөнкү Чүй бөлүмү союз убагында заңгыраган чоң оорукана болчу. Мында төрөт бөлүмү, рентген нуру, хирургия жана башка бөлүмдөрү болор эле.Тез жардам унаалары менен камсыздалган. Анткени бул Төмөнкү Чүй айылы кезегинде «миллионер» айыл катары таанылган.

Оорукананын имараты 1959-жылы курулган. Анда мен он жашта болчумун. Мектепте окуп жүргөндө ушул өзүм иштеген ооруканага келип дарыланып турчу элем. Ошондо эле дарыгер болууну каалачумун. Бирок өз айылыма иштеп каларымды билчү эмесмин. Учурда 6 миңден ашуун тургундардын ден соолугуна кам көрүп келебиз. Ошол кездеги тажрыйбалуу дарыгерлерден алган тажрыйбаларым менен кийинки муунду үйрөтүп, бөлүшүп жатам», - деди ал.

Дарыгердин 2 уул, 1 кыз жана 7 небереси бар.

«Жолдошум курулуш тармагында эмгектенди. Ал 2010-жылы каза болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 618
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×