Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 24.01.2018 16:00 На русском

Жер аянттарын алдап сатууга шектелген: Военно-Антоновкада 2 адамдын жансыз денеси табылды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы Фрунзе менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөнгө катарлаш салынган кеңседен эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактардан билдиришти.

Маалым болгондой, видео байкоого эки адамдын жансыз денелери жерде жаткан учур гана түшүп, окуянын өзү түшкөн эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки эркек киши тең бычак жеген. Ал эми милиция каза болгондор уруштун айынан бири-бирине бычак сайып, ошол жерден мерт кетиши мүмкүн деп божомолдошууда. Ошондой эле, өлгөндөрдүн бири жер аянттарын алдап сатууга байланыштуу кылмыш ишинин фигуранты болсо, экинчиси аталган кылмыш ишинин күбөсү экендиги маалым болду.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган айылдан эки адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат кечээ кечки саат 20:00 чамасында Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

«Военно-Антоновка айылындагы жеке кеңсенин ичинен 2 азиат түспөлүндөгү адамдардын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча дароо ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Каза болгон адамдардын бири 1972-жылы, ал эми экинчиси 1982-жылы төрөлүшкөн. Экөө тең Сокулуктун тургундары болушкан. Маркумдардын бирөөсү Ак-Ордо жаңы конушунда жашаган», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, бардык соттук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×